«Эл үмүтү» стипендиясын ала албаган студенттердин билдирүүлөрү кайра каралбайт

«Эл үмүтү» стипендиясын албай калган төрт студент стипендия алуу үчүн толтурган билдирүүлөрүн кайра карап чыгууну суранып президент Садыр Жапаров жана өкмөт башчысынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылышты.

Бирок Байсалов кайрылууга комментарий берип жатып чечим кайра каралбай турганын билдирди.

Студенттердин кайрылуусу

Кайрылууну Колумбия университетинин Жогорку журналистика мектебинде окууга чакыруу алган студент Сүйүмкан Уланбек фейсбук барагына жарыялаган. Анын айтымында, «Эл үмүтү» стипендиясын биринчи этаптан өткөн төрт студент албай калган.

Алардын кайрылуусунда финалдык баскычка тандап алууда эреже бузууларга жол берилгени жазылган.

«“Эл үмүтү” стипендиясын алуу үчүн негизги критерий — QS World University Rankings жана The Times Higher Education World University Rankings рейтингтери боюнча дүйнө жүзүндөгү алдыңкы 100 университетке өтүү — критерийи бузулду. [...] Финалга тандалып алынган студенттердин арасында алар окууга өткөн университеттер топ-100гө кирбегендери да болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Андан тышкары, стипендияны ыйгаруу чечими биринчи турдан өткөн студенттер менен маектешүү жүргүзүлбөй эле кабыл алынганын айтышууда. Анткен менен тандап алуучу комиссия студенттердин жеке иштери менен таанышкандан кийин талапкерлер менен жеке маектешүү өткөрүүгө милдеттүү болчу.

Байсаловдун жообу

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов студенттердин кайрылуусуна фейсбук барагы аркылуу жооп жазды. Анда Байсалов стипендия «баарынан мурда кыргызстандыктардын экономиканын талапка ээ тармактарында элдик чарбага пайда жана чоң кайтарым алып келе турган илимий жана жогорку технологиялар боюнча адистик алышы үчүн» түзүлгөнүн билдирди.

Ошондой эле Байсаловдун айтымында, стипендияны ала тургандарды чечкен комиссия окуунун өзүнүн эле баасы (жашоо, турак-жай, тамак-ашка кеткен чыгымды кошпогондо) 90 миң доллардан 120 миң долларга чейин болгон учурда максималдуу өлчөмдөгү 50 миң долларлык стипендияны берүү туура эмес деп эсептейт.

«Студент эмне кылышы керек болот? Коммерциялык кредит алышы керекпи? Эфемердик “беделдүү” диплом алуу үчүн карызга батып кетиши шартпы? Тажрыйба көрсөткөндөй, мындай студенттер өлкөгө кайтып келишпейт», — деп белгиледи ал, дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин биринде окуу милдеттүү критерий эмес экенин кошумчалап.

Сөзүн жыйынтыктап жатып ал катышкан студенттерге ыраазычылык билдирип, билдирүүлөр кайра каралбай турганын айтты.

«Ар бириңер ийгиликтүү жана таланттуусуңар, баарын көрсөтүп, далилдеп койдуңар — өтө кымбат дипломдун артынан куугандын кереги жок. Биз азыртадан эле сиздерге ишенебиз жана республикабыздын бакубаттуулугу үчүн сиздерге жардам көрсөтүүгө даярбыз», — деп кошумчалады Байсалов.

Билим берүү министрлиги да студенттердин кайрылуусуна комментарий берди. Мекемеден студенттерди тандап алууда «ЖОЖдордун рейтинги гана эмес, билим берүү программасынын рейтинги да эске алынгандыгын» белгилешти.

Быйыл «Эл үмүтү» стипендиясын 13 студент алат. Стипендия алуу үчүн жалпы 17 студент документтерин тапшырган. Былтыр аталган стипендияны 5 студент алган.

Өткөн жылдын май айында президент Садыр Жапаров «Эл үмүтү» эл аралык стипендиялардын программасы ишке киргенин билдирген. Программада дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин бирине магистратура менен докторантурага өткөн кыргызстандыктар үчүн атайын стипендиялар каралган. Стипендиянын максималдуу суммасы 50 миң доллар.

Башкы бетке иллюстрациялык сүрөт коюлду.