«Жандандыруу бөлүмүндө». Кара-Сууда белгисиз бирөөлөр 30 жаштагы кишиге ок чыгарды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 30 жаштагы киши октон жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу 4-августта Turmush басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, окуя 4-августта болжол менен саат 11:30 чамасында болгон. Жабырлануучунун апасы да маалыматты тастыктап, баласын «Ош» аэропортундагы жолдо атып кетишкенин айткан.

«Алар [атып кеткендер] акча алмаштыруучу жайда иштеген балдардан акча алып тургандар экен. Менин балам шериги менен “силер кимсиңер?” деп сураганы ошол унааны токтотушуптур. Ал ок чыгарган адамдын айдоочусу да бар экен. Анан ал унаадан тушүп эле менин баламды уруп баштаптыр. Бир нече ирет ок аткан экен, моюнуна эки жолу ок тийиптир», — деди жабырлануучунун апасы.

Ош облустук милициядан «Клоопко» окуяга катыштыгы бар жана күбө болгондорду аныктоо иштери жүрүп жатканын айтышты.

Буга чейин, 8-июлда Чаткалда 38 жаштагы тургунга бир нече жолу ок чыгарган 30 жаштагы шектүү кармалып, эки айга камакка алынган.

Жабырлануучу менен шектүүнүн уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар экени айтылган. Бирок бул маалыматты милиция ырастаган эмес.

ИИМдин маалыматына ылайык, учурда 1 200дөй киши уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган. Өткөн жылы кылмыштуу топтун 153 мүчөсү кармалган — алардын 17синин өзгөчө макамы бар.