Чаткал: Тургунга бир нече жолу ок чыгарган шектүү эки айга камакка алынды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 38 жаштагы тургунга бир нече жолу ок чыгарган шектүү эки айга камакка алынды. Маалыматты 11-июлда «Клоопко» облустук милициядан билдиришти.

7-июлда Чаткал районунун 38 жаштагы тургуну октон жараат алып, оор абалда ооруканага түшкөнү кабарланган. Кылмышка шектелип 30 жаштагы киши кармалган.

Жабырлануучу менен шектүүнүн уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар экени айтылган. Бирок бул маалыматты милиция ырастаган эмес.

ИИМдин маалыматына ылайык, учурда 1 200дөй киши уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган. Өткөн жылы кылмыштуу топтун 153 мүчөсү кармалган — алардын 17синин өзгөчө макамы бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чаткалда бир адам ок жеп ооруканага түштү, шектүү кармалды