«Зор киреше берет». Жапаров жаңы ишке кирди делген Жыргалаң кени боюнча маалымат берди

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы Жаргалаң таш көмүр кенинин 12 жылдан кийин ишке киргени боюнча маалымат берди. Бул тууралуу ал 6-августта «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде айтты.

Ал кенди 2009-жылы агасы Сабыр Жапаров 80 миллион сомго чукул карызы менен сатып алганын билдирди. Анын айтымында, кен 2011-жылы иштеп баштап, 2014-жылы криминалдар тартып алган.

«Кесипкөй адамдар иштетпегенден кийин бир аз убакыт өтпөй шахта токтоп калган, ошол убакта ӨКМдин эки кызматкери каза болгон. Ошентип, шахтага суу толуп калат. Ушул күнгө чейин суу басып жатат. Мен бийлике келгенде, бир тууган агам: “Шахтамды кайра алам” деп чыкты. Мен көнбөй койдум: “Бийликтин күчүнө салып кайра алышты деген сөз калат, кереги жок” деп койдум», — деди ал.

Жапаров учурда кенди Марат аттуу бизнесмен иштетип баштаганын айтып, ага Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 1 миллион 700 миң доллар насыя берилгенин белгиледи.

Өлкө башчысы «шахта өзүн-өзү актамак түгүл, эбегейсиз зор киреше берет» деген ишеничте.

Жыргалаң кенинин айланасында эмне болуп жатат?

3-августта минкаб 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң кени ишке киргенин жарыялаган.

Ал эми 4-августта Ысык-Көл облусунун экс-губернатору Эмилбек Каптагаев кен боюнча «жалган маалымат элди иренжитип, ишеничти кетирет» деген пикирин билдирген.

«Ишке кирди деп айтылып жаткан кичи-шахтаны Бакыт Дөргөев ачкан "Дөргө-көмүр" ишканасы, алына жараша иштеп эле келе жаткан, чамасы чакан эле шахта. Ал жерде көп эле болгом. Ал эми айтылуу "Жыргалаң көмүр шахтасы" иштебей калган, ичине суу толуп ошол бойдон турат азыр деле», — деп жазган Каптагаев.

Жыргалаң айылынын тургуну Турат Аким Каптагаевдин айткандарын тастыктап, жаңы ишке кирди делгее Жыргалаң кени буга чейин эле иштеп жаткан «Дөңгө» карьери экенин айткан.

«Чыныгы “Жыргалан-Капитольная” шахтасы аны Садыр Жапаров башкарып турган кезде суу астында калган жана аны калыбына келтирүүгө болбойт. [...] Бир тарабынан өткөн ачык тышкы карьерди тартып, мурдагы шахта кайра жандангандай кылып көрсөтүшүптүр», — деген ал.

Каптагаев менен Турат Акимдин айыптоосуна Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Айзада Сулайманова жооп берген. Сулайманова аларды «жалган маалымат таратууга» айыптаган.

«Мамлекетте бир жакшы жумуш башталса эле ага мурдун тыгып, жамандык издеп, ичи тардык кылгандар дароо пайда болот. Каптагаевди дагы, Турат Акимди дагы жеринен барып көрүп, таанышып, мына ошондон кийин анан пикир айтууга чакырабыз. Жашоодо бир жаратмандык кылып көрбөгөн, мамлекет үчүн бир кирпич койбогондор сын айтса жаның кейийт экен», — деген ал.