Энергетика министрлиги Жыргалаң кени ишке киргени боюнча күмөндүү кептерге жооп берди

Күн мурун Министрлер кабинети Ысык-Көл облусундагы Жаргалаң таш көмүр кени ишке киргенин жарыялаган. Бирок Ысык-Көл облусунун экс-губернатору Эмилбек Каптагаев менен Жаргалаң айылынын тургуну Турат Аким бийлик тараткан билдирүүнү жалган деп айтып чыкты.

Каптагаев менен Турат Акимдин айыптоосуна Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Айзада Сулайманова жооп жазды. Сулайманова аларды жалган маалымат таратууга айыптады.

«Мамлекетте бир жакшы жумуш башталса эле ага мурдун тыгып, жамандык издеп, ичи тардык кылгандар дароо пайда болот. Каптагаевди дагы, Турат Акимди дагы жеринен барып көрүп, таанышып, мына ошондон кийин анан пикир айтууга чакырабыз. Жашоодо бир жаратмандык кылып көрбөгөн, мамлекет үчүн бир кирпич койбогондор сын айтса жаның кейийт экен», — деп жазды ал фейсбук барагына.

Айзада Сулайманованын постунан скриншот.

3-августта минкаб 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң кени ишке киргенин жарыялаган. Ишке киргизүү иш-чарасына минкабдын башчысы Акылбек Жапаров катышкан. Ишкана Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылаары белгиленген.

Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы.

Бул жаңылыкка комментарий берген Каптагаев «жалган айтылган маалымат элди иренжитип, ишеничти кетирет» деген пикирин билдирди.

«Ишке кирди деп айтылып жаткан кичи-шахтаны Бакыт Дөргөев ачкан "Дөргө-көмүр" ишканасы, алына жараша иштеп эле келе жаткан, чамасы чакан эле шахта. Ал жерде көп эле болгом. Ал эми айтылуу "Жыргалаң көмүр шахтасы" иштебей калган, ичине суу толуп ошол бойдон турат азыр деле», — деп жазды Каптагаев.

Жыргалаң айылынын тургуну Турат Аким Каптагаевдин айткандарын бышыктап, чындыгында буга чейин эле иштеп жаткан «Дөңгө» карьери иштеп баштаганын айткан.

«Чыныгы “Жыргалан-Капитольная” шахтасы аны Садыр Жапаров башкарып турган кезде суу астында калган жана аны калыбына келтирүүгө болбойт. [...] Бир тарабынан өткөн ачык тышкы карьерди тартып, мурдагы шахта кайра жандангандай кылып көрсөтүшүптүр», — деп жазды ал.

Жыргалаң көмүр кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан. Аны «Шахта Жыргалаң» фирмасы иштетчү. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, анын директору Нарынбек Байсаков. AKIpress басылмасынын маалыматына ылайык, директордун орун басары президенттин агасы Сабыр Жапаров болгон. Ал учурда бул кызматты ээлейби-жокпу билгисиз.