Макта же унчукпа. Бийликчил медиалар бийликке сын айтканы үчүн эркин медианы сындайт

Көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары соцтүйүндө бийликчил анонимдүү аккаунттардын гана эмес, мамлекеттик медиаларда иштеген кесиптештеринин да каралоосуна кабылып келет. 

Көз карандысыз журналисттер чиновниктер тууралуу иликтөө жасап, мамлекеттик ЖМКнын коомдук пикирди манипуляциялап, пропаганда менен алек болуп жатканын ашкелереп, карапайым калктын адатта мамканалдар көз жаздымда калтырган көйгөйлөрүн көтөрүп чыгышат. Буга жооп кылып мамлекеттик медианын кызматкерлери көз карандысыз журналисттерди жалаң негативди көргөн «батышчыл манипуляторлор» деп айыптаган сюжеттерин жарыялашат. 

«Клооптун» журналисттери эркин медианын ишин дискредитациялоо үчүн бийлик кандайча «Ала-Тоо 24» жана УТРК телеканалдарын пайдаланып жатканын изилдеп чыкты.