Иллюстрация: Вера Андрианова «Клооп» үчүн

Фейсбуктагы анонимдүү жана реалдуу бийликчил фейк аккаунттар акыркы жарым жылда эле гомофобияга негизделген 2,5 миңден ашык манипуляциялык билдирүү жазышкан. Алардын баары журналисттерге, активисттерге, айрым саясатчыларга жана бейөкмөт уюмдарга каршы материалдар болгон.

Кыргыз коомчулугунун көпчүлүк бөлүгү дагы деле консервативдүү жана гомофобдук көз карашта. Муну түрдүү манипуляциялар үчүн колдонуу оңой эле. Фейсбуктагы түрдүү аккаунттар — фейк экени айдан ачык, арасында реалдуулары да бар — бийликке жакпаган, ыңгайсыз адамдар жана уюмдарга каршы жигердүү колдонот; активисттер, оппозициячыл саясатчылар, журналисттер жана бейөкмөт уюмдар дагы бар.

Бул манипуляциялар эмне үчүн мынчалык жакшы иштейт? Кимдир бирөөнү «гей» же ЛГБТ-коомчулугун колдогон киши деп атап коюу гана жетиштүү, коомчулуктун алдында анын жүзү, ишмердүүлүгү арткы планга жылып кетет. Коррупция менен күрөш болобу, конституциялык нормалардын же республиканын аймактык бүтүндүгүнүн [сакталышын] талап кылуу болобу, маанисиз. Бул үчүн анонимдүү авторлор ЛГБТ-коомчулугунун иш-чараларына барып, социалдык түйүндөрдө манипуляция жасоо үчүн видеолорду тартышат.

«Клооп» фейсбуктагы акыркы жарым жылдагы публикацияларды анализдеп чыгып, алардын ичинен бийликтин атаандаштарына каршы гомофобдук негиздеги манипуляциялар колдонгон 2,5 миңден ашык билдирүүнү аныктады.

«Чет элдик тыңчы» мыйзамына багытталган гомофобия

Гомофобдук маанайдагы билдирүүлөрдүн эң ири толкуну депутат Надира Нарматова демилгелеген мыйзам долбоорду сүрөмөлөөгө багытталган. Бул мыйзам долбоорунда Кыргызстанда Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдарга алар иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды коюу сунушталып жатат.

Орусияда бул сыяктуу мыйзам кабыл алынгандан кийин дээрлик бардык укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМК жабылып калган.

Фейсбуктагы бийликчил анонимдүү профилдер өздөрү пост жазып гана тим болбостон, бири-биринин жана башка колдонуучулардын постторун активдүү бөлүшүшөт.

Алардын бири — «Алга Кыргызстан» анонимдүү аккаунту. Өздүгүн тастыктоочу бир дагы маалымат жок. Ошондой болсо да, бул аккаунт негизинен президент Садыр Жапаровдун тарапташтарынын фейсбук тайпаларында активдүү экени байкалат. Буга чейин «Азаттыкты» жабууну талап кылган жана президентти мактаган публикациялар менен бөлүшкөн.

Июнда бул профил бири-бирине окшош эки билдирүүнү бөлүшкөн, анда бийликчил блогер «Санжарбек Тилеков» ЛГБТ темасын саясий максатта манипуляциялаган пост жазган. Биринчисин 16-июнда, «гей парад», «лезбиянка», «ЛГБТ» жана «Азаттык» Кыргызстандан жок болсун десеңер Нарматованын мыйзамын колдогула деп чакырык жасаган.

Экинчи публикация парламенттик шайлоого Ленин бир мандаттуу округунан катышып жаткан мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулун колдоп жазылган. Бакир уулу — ар кайсы жылдары сунушталган «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорлорунун авторлорунун бири.

Билдирүүдө Кыргызстанда «НПО, ЛГБТ, ГЕЙ, Лезбиянка баш көтөрбөшү үчүн» Бакир уулуна добуш берүү керектиги айтылган.

Ошондой эле «Алга Кыргызстан» аккаунту бейөкмөт уюмдарга таптакыр байланышы жок кечелердин биринде ЛГБТ-адамды аутинг кылган (ачыкка чыгарып, уяткарган) видеону бөлүшкөн. Видеодо ЛГБТ-адамдар «улутка коркунуч жаратат» деп айтылган. Видеонун автору Абдыганы Суранов өзүн журналист деп атаган, бирок ал барагында көрсөткөн ЖМКларда бир жылдан бери публикация чыккан эмес. Ошол эле учурда роликте ал «Кыргыз Индиго» ЛГБТ-уюму тууралуу манипуляциялык маанайда сөздөрдү айткан. Фейк аккаунттар бул видеону бейөкмөт уюмдарга жек көрүүнү чакырып, Нарматованын мыйзамын колдоо үчүн пайдаланышкан.

*Аутинг – адамдын ЛГБТ-коомчулукка таандык экени тууралуу маалыматты анын макулдугусуз ачыкка чыгарап салуу.

«Сапар Ниязов» деген дагы бир анонимдүү профиль дагы Нарматованын мыйзамын сүрөмөлөө үчүн аталган видеону колдонгон. Бөлүшкөн постунда ЛГБТ адамдарды «кыргыздарды тукум курут кылганы жаткан» «акмактар» деп атап, Орусияда «Путин кабыл алган» мыйзамдардай «катуу мыйзам» кабыл алууга чакырган.

«Мындай акмак ЛГБТ мүчөлөрүн азыртадан тыйбаса коомго ушунчалык коркунуч алып келүү алдында турат. Буларды көргөн балдарыбыз эмне болот? Кыргызды батыштан алган арам акчалары үчүн тукум курут кылганы жатышабы? Тезирээк тиешелүү органдар текшерип, жазасын бергиле! Россияда мындай акмак тукум курутаарларга катуу чара көрүлөт. Путин атайын мыйзам чыгарган. Бизге да ошондой катуу мыйзам керек болуп турат», — деп бөлүшкөн ал видеону.

Журналисттерге карата жек көрүүнү калыптандыруу

«Лира Календерова» аттуу колдонуучунун дагы өздүгүн тастыктаган маалымат жок, профилде пейзаждын сүрөтү турат. «Лира» публикацияларында «саткын» деп атап Ыдырыс Ысаков, Болот Темиров жана жазуучу Олжобай Шакир уулуна карата жек көрүүнү пайда кылуу үчүн гомофобияны колдонуп, аларды Кыргызстандан «гейлерди даңазалаган мамлекетке» айдап жиберүүнү сунуштаган.

Чынында, бул каргышпы же каалоо-тилекпи түшүнүксүз, анткени кыргызстандык байлардын бала-чакасы бул өлкөлөргө барам дегенде ак эткенден так этишет. Мисалы, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин футбол менен олуттуу алектен уулу Эмирхан испаниялы «Барселона» клубунун жаштар курамында ойнойт. Ал эми бир жыныстуу нике Испанияда 2005-жылдан бери бир катталып келет.

«Дамир Байболотов» деген анонимдүү колдонуучунун фейсбукта эки аккаунту бар. Эки аккаунтта тең өздүгүн тактаган эч кандай маалыматы жок, бирок аватарында коюлган сүрөт нейро тармак аркылуу сүрөттөрдү генерациялаган сайттан алынган. Сүрөттүн табигый эместигин андагы кош моюн билдирип турат.

«Дамир» постторунда «Клоопту» жана анын негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендерди каралоо үчүн маал-маалы менен гомофобияны пайдаланып турат. Анын айтымында, басылма жана Искендер «батыштын жаман адаттарын жайылтат», ошондуктан ал редакцияны жаап салууну талап кылат.

«Дамирдин» билдирүүлөрүнө «Айсалкын Токтобекова» деген аккаунт бат-баттан жакты белгисин (лайк) басып турат, анын да башкы беттеги сүрөтү ошол эле нейро түйүндөн генерацияланып алынган.

«Максат Бекболиев» аттуу анонимдүү профилдин аватарында орусиялык жаратылышты коргоочу Сергей Кавранын сүрөтү турат, ал эми сүрөт «Чукотка» маалымат агенттигинен алынган. «Бекболиев» публикацияларында Bulak.kg сайтынын башкы редактору Семетей Аманбековго чабуул жасайт. Ал эч кандай далилдөөсү жок эле Аманбековду «бир жыныстагы нике тууралуу маалыматтарды жайылтуу үчүн атайын акчалай грант алган» деп айыптаган.

Саясатка багытталган гомофобия

Бирок «Дамир Байболотов» аттуу профиль бир гана журналисттерди жана активисттерди каралоо менен чектелбейт. Ал бийликке жакпаган саясатчыларды дагы каралап турат. Мисалы, бул профиль азыр абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков тууралуу бирдей манипуляциялык текст менен ар кандай бийликчил топтордо кеминде тогуз билдирүү жасаган. Билдирүүлөрүндө ал Жээнбеков «гейлерди колдогону үчүн Батыштан олчойгон акча алат» деп ишендирген.

Анонимдүү профилдердин кысымына бийликти сындагандар гана кабылбастан, азыркы иштеп жаткан чиновниктер дагы туш болот. Майда «ЛГБТ менен байланышы бар деген» тукуруу менен манипуляцияга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы кабылган.

Чабуулга депутат Шайлообек Атазовдун сөзү себеп болгон — ал Глобалдык фонддун ВИЧ/СПИД, туберкулёз жана безгек менен күрөшүү үчүн бөлгөн акчанын бир бөлүгү ЛГБТ-өкүлдөрүнүн арасында оорулардын алдын алуу үчүн бөлүнөрүн, Байсалов «буга уруксат берип жатканын» айтып кыжырданган.

Ушундан кийин өкмөт башчынын орун басарына карата бийликчил анонимдүү аккаунттар тарабынан маалыматтык чабуул башталып. Алар Байсаловду «мекенине чыккынчылык кылган» деп айыптап, отставкага кетүүсүн талап кылышкан.

Ошентип, «Kudratullah Abdurahmanov» деген профиль болсо Байсалов «Жогорку Кеңешти уят кылып жүргөнүн» жана «гейлерди колдогону үчүн» «мусулмандар аны аман калтырбай турганын» жазган.

Байсаловду сындаган ушул жана башка билдирүүлөрдү башка анонимдүү аккаунттар да жигердүү бөлүшкөн.

Эмне үчүн бул коркунучтуу?

Социалдык түйүндөрдө гомофобдук маанайды колдонуп манипуляция жасоо коомду «биздики» жана «бөлөкчө» деп бөлүп жарат. Бийликчил анонимдүү аккаунттар журналисттерге, саясатчыларга жана башка коомдук ишмерлерге карата ишенимди төмөндөтүүгө аракет кылып, аларга карата «саткындар», «эл душманы» деген образдарды таңуулашат. ЛГБТ-коомчулугун активдүү коргогондорду эле эмес, аларга каршы айтпагандарды да [жек көрсөтөт]. Бул таңуулар үчүн негизги критерий — адам учурдагы бийликке берилгени же берилбегени.

Мындай манипуляциянын эң жаманы — күнөөсүз адамдарга коркунуч жаратат. Мындай билдирүүлөрдүн авторлору саясатка да, бейөкмөт уюмдарга да тиешеси жок ЛГБТ-иш-чараларда тартылган видеолорду постторунда колдонуп, ЛГБТ-адамдарды аутинг кылышат. Аутингге учураган адамдар гомофобия үстөмдүк кылган өлкөдө кол салуулардын же шантаж-коркутуулардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн.

«Кыргыз индиго» ЛГБТ-уюмунан акыркы жарым жылда эле ЛГБТ-коомчулуктан 45 киши гомофобиянын негизинде укуктары бузулганын айтып кайрылганын билдиришти.

Уюмдагылар анонимдүү аккаунттар жазган билдирүүлөр ЛГБТ+ коомчулугуна карата бөлүп-жаруучулукту, басмырлоону кадимки көрүнүшкө айлантышы мүмкүн деп чочулашат. Мындай билдирүүлөрдү окуган адамдар бейтарап карап гана калбастан, ЛГБТ+ адамдарга карата жек көрүүнүн негизинде жасалган кылмыштарды колдой башташат деп эсептешет алар.

Ошол эле учурда ЛГБТ коомчулугун колдогон же ага мүчө адам журналист же оппозициячыл саясатчыны колдогон пикирин айтуу менен дароо бийликтин оппоненттерине каршы манипуляциялардын инструментине айланат.

Мисалы, 2022-жылы ЛГБТ-активист Максат Эралиев журналист Болот Темировду колдой турганын билдиргенден кийин, фейсбуктагы бийликчил аккаунттар муну экөөнө тең каршы пайдаланууга аракет кылышкан. Ошол эле кезде баягы эле «Дамир Байболотов» «саясатты сүйлөгөн» гейлерди уруп-сабоого түз эле чакырык жасаган.

«Окшошкон кебетенер менен, энеди урайындар! Же эркек эмес, же катын эмес. Ушундайларды Батышка кууш керек, келгис кылып. Бирин бири эркелетип, эки эркек эрди-катын болуп жашай беришсин. Болот Темиров деле соо эмес, болбосо катынындай болуп Болотко болушуп видео кайрылуу жасаптыр. Бизге акыл үйрөтүп, саясатты сүйлөгөн гейди көргөндө өпкөсүн гана үзгүң келет, жийиркеничтүү», — деп жазган фейк болушу мүмкүн делген «Дамир Байболотов».

Максаттын пикиринде, мындай публикациялар кыргызстандыктарга гомофобияны таңуулап, кийин аларды саясий максатта манипуляциялоо үчүн жасалат — эл үчүн пайдасы жок мыйзамдарды ЛГБТ темасы аркылуу манипуляция жасоо менен кабыл ала башташат.

«Бийлик кыргызстандагы либералдык көз караштады адамдарды же оппозициянын өкүлдөрүн дискредитациялоого аракет кылып жатат. Алар [бийлик] калкты башкаруу оңой болушу үчүн ЛГБТ-коомчулугун жек көрсөтүү менен элдин мээсин айлантып жатышат. Бул элдин көңүлүн өлкөдөгү чындап маанилүү көйгөйлөрдөн башка жаккан бурууга мүмкүнчүлүк берет. [ЛГБТ] темасы көңүлдү башка жакка буруучу курал. Ушул эле куралды Орусия жана башка авторитардык өлкөлөр пайдаланышат. Бул баарына белгилүү факт», — деп билдирди ал «Клоопко».