Адатта, саясий окуяларды утурлай бийликчил фейктер жанданат. Чабуул кезеги Байсаловго жетти

Иллюстрация: Вера Андрианова «Клооп» үчүн

Акыркы убакта фейктердин чабуулуна министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кабылууда. Байсаловду «гей» жана «батышчыл» саясатчы деп атаган анонимдүү аккаунттар анын отставкасын талап кыла башташты. «Клооп» фейк аккаунттар жанданган бир нече толкунду анализдеп чыгып, алар бийликтин кайсы бир кадамына коомдук пикир камдап турат деген жыйынтыкка келди.

«Клооптун» байкоосуна ылайык, фейсбукта акыркы эки айда Эдил Байсалов тууралуу көп айтыла баштады. Биз эки миңге жакын комментарий жана бөлүшүүнү анализдеп чыгып, Байсаловду бийликчил анонимдүү аккаунттар дагы (болжолдуу фейк аккаунттар) сындай баштаганын байкадык. Активдүүлүк 29-апрелде жогорку чекке жеткен — анда Байсаловду белгилеген же ушул сыяктуу постторго реакция жасалган 546 учурду эсептедик.

«Гейлердин тарапташы жана анабашысы»

Минкабдын башчысынын орун басарына карата чабуулдун күч алышына Шайлообек Атазовдун сөзү себеп болгон — депутат Глобалдык фонддун ВИЧ/СПИД, туберкулёз жана безгек менен күрөшүү үчүн бөлгөн акчанын бир бөлүгү ЛГБТ-өкүлдөрүнүн арасында оорулардын алдын алуу үчүн бөлүнөрүн айтып кыжырданган. Атазовдун пикиринде, бул акчалар «кыздар менен кыздар баш кошконуна бөлүнөт» (албетте, андай эмес).

«…вице-премьериңиз уруксат берип жатат. Эдил Байсалов деген мырза кыргыз улутуна, динине, ыйманына салт-наркына каршы келген идеологияны эмне жүргүзүп жатат? Качан кыргыз кызына кызды үйлөйт эле?» — деп нааразы болуп сураган Атазов анда өкмөт башчыдан. Акылбек Жапаров болсо грантты бөлүштүрүү боюнча документке кол койбогонун айтып жооп берген.

Депутат Атазов менен Байсаловдун кайым айтышуусунан көп өтпөй, өкмөттүн орун басары бийликчил анонимдүү аккаунттардын чабуулуна кабылды. Алардын арасында «Клооп» буга чейин да жазып келген фейк аккаунттар бар — булар көз карандысыз ЖМК менен активисттерди такай сындап, ачуу тилин агытып жүрүшөт.

Бул аккаунттарды колдонгондор минкабдын башчысынын орун басарына мурда бейөкмөт уюмдарда иштеп жүргөнүн эсине салып, (2000-жылдары Байсалов «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясын» жетектеген), «мекенине чыккынчылык кылган» деп айыптап, отставкага кетүүнү талап кылышты.

«Ушул Байсалов башынан жакчу эмес. Эч бир позициясы жок. Кечээ эле бейөкмөт уюмдар менен иштеп, бийликти ашатып жүрдү эле, бүгүн болсо — бийлик тарапта. Тигил жээкке өтүп кетпейт деп ким кепилдик бере алат?»

«Эдил Байсалов канча кызматта иштеди, эмнени кылганын өзү деле билбесе керек. Ал эми ЛГБТны колдоп, НПОлор менен иштешкенин билебиз. Чет элдик агент деп да жүрүшөт Эдилди. Өткөндөгү билдирүүсүнөн кийин кызматта турууга моралдык укугу жок. Кетсин өкмөттөн!»

«Эдил Байсалов жоголсун, ал акчага намысын да сатат!»

«Эдил Байсаловду болсо көрдүк эмне менен алектенип жүргөнүн, мына. Өлкөнү кумсаларга толтуруп гей-лесбиянкаларга жол ачып жүрүптүр. Муну элге, мекенге кылган чыккынчылык дейт. Эдил кызматын тезинен бошотсун».

«Алия Алмазбекова» деген атты алып жүргөн баракта анын өздүгүн тастыктоочу эч кандай маалымат да, чыныгы сүрөтү да жок. Бул аккаунтта президент Садыр Жапаров тууралуу посттор жана жаңылыктар такай жарыяланып турат. Ал эми апрель менен майдын ортосунда Байсаловдун кызматтан кетишин талап кылган гомофобдук тексттер жазылган төрт пост чыккан.

«Бир депутатыбыз аялыныз, балдарыныз барбы десе жооп бере албай койду. Демек үй-бүлөсү жок, гей деп ойлоп калдым. Кыз менен кыз, бала менен бала үйлөнсүн деп тантыраган. Эдил Байсалов эгер үй-бүлөсү болгондо депутат берген суроого жооп бермек да. Демек кандай болуп калат, Эдичка? Эдил Байсалов кыргыз элин уят кылбай, бийликтеги жумушунан кетсин!»
«Ошол акчага Эдичканы сатып ийгиле, Кыргызстандан бардык гейлерди кошуп сатып, алмашып салгыла. Жоголушсун, кыргыз элин уят кылып бүтүштү».
«Карапайым кээ бир элдер Эдил Байсаловдун колдогон мыйзамын угуп, Садыр Жапаровдон ушундай гейди колдогон Эдичканы жумуштан кетирүүнү талап кылып атышат. Садыр Нуркожоевич, колдогондун баарын, ушуга жооптуулардын баарын жоопко тартуунузду өтүнөм».

«Алия» — президент Садыр Жапаровду колдоп, Эдил Байсаловго сын жаадырган профили бош жалгыз аккаунт эмес. Мындай аккаунттардын бири аткаминердин пенсия жашын жогорулатууну колдогонун эске салды.

«Батыштын саясатын колдоп тымызын жүргөн экен да жогору жакта. Улам бир нерсенин башын чыгарып, пенсияга асылып, иштеген пенсионердин пенсиясын кесебиз деп. Пенсия аз болсо иштейт да, болбосо жыргап небере багып олтурушмак чон эне болуп. Эдил Байсалов ээлеген ордун бошотсун, татыктуу эмес. Кыргыздын кусуру урат го эсиңе келбесең».

«Кетсин, гейлерди да жок кылыш керек, кесепети бүткүл коомго тийет».

«Ошондо, гейлердин башчысы, колдоочусу Эдил Байсалов болуп калдыбы?»

Соцтүйүндөгү бийликчил анонимдүү аккаунттардын жандануусу буга чейин Кыргызстандагы маанилүү саясий окуялардын — чоң кызматка дайындоо жана жогорку даражалуу сыйлыктарды ыйгаруу сыяктуу көрүнүштүн жышаану болуп калган.

«Жолборс терисин жамынган баатыр — Ташиев»

2022-жылы сентябрда президент УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгарган. Мамлекет өзү, бул наам Кыргыз Республикасынын «эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өркүндөшү үчүн жасалган баатырдык менен байланышкан, мамлекет жана коом алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн» ыйгарылат деп түшүндүрөт.

Сыйлык тапшыруу аземинде Ташиев бул наамдын берилиши ага күтүүсүз болгонун айткан. Анткен менен, фейсбуктагы анонимдүү-аккаунттар 2022-жылы жайы менен Камчыбек Ташиевди Кыргызстандын баатыры деп атап, анын каармандык сапаттарын санап жүрүшкөн.

Андай аккаунттардын бири — «Адамдар Арасында» деген атты алып жүргөн фейк. Буга чейин Temirov Live иликтөөчү-журналисттер тобуна каршы видеолорду таратып белгилүү болгон.

«Камчы Ташиевдин баатыр экенин бүткүл кыргыз эли билет!
Бир ууч шакалдарга гана жакпайт! Анткени арстан эч качан шакалдарга жаккан эмес!»
«Журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаров наркоман турбайбы. Бул бузукулардын таламын талашкандар уят болду го».

Ташиевдин баатырдыгын даңазалаган дагы башка анонимдүү аккаунттар деле бири-бирине окшош — адатта алардын барагында эч кандай маалымат жок, бирок бийликчил тайпаларда абдан жигердүү, бири-биринин постторун тынбай бөлүшүп турушат.

«Ташиев азамат. Баатыр эненин баласы экен, көп соопчулук иштерди жасады. Атамбаев эмне? Салган үйүн самолётко жүктөп, чет өлкөгө качты».
«Жолборс терисин жамынган баатыр — Ташиев».
«Камчыбек Кыдыршаевичке күч, кубат берсин! Аллахым колдосун!
30 жылдан бери ушинтип иштеп, эч ким өзгөрткөн эмес. К амчыбек Ташиев чын ниети менен мамлекетибизге кызмат кылып келет — иши менен, эр жүрөктүгү менен. Мамлекеттин акчасын жеген коррупционерлерди кармап, акчаларын мамлекетке кайтарганы менен тарыхта калат. Азыр өлкөгө темирдей тартип керек, чечкиндүүлүк кылбаса дагы деле бийлике асылгандар көп. Азыркы президентибиз менен Ташиев мамлекетибизди күчтөндүрүп, жакшы иштеп жатышат. Балдарыбыздын келечеги үчүн, элдин жаркын жашоосу үчүн колдойлу, коргойлу. Азыр элибизге тынчтык керек».

«Батма Таранчиеванын» фейсбуктагы постторун «Нур Газиев» аттуу дагы бир анонимдүү аккаунт жигердүү бөлүшкөн. Анын барагында дагы эч кандай маалымат, эч бир сүрөт жок. 2022-жылы жай мезгилинде ал «Батманын» постун 10 жолу бөлүшкөн.

«Назгуль Ташиева» деген атты жамынган шектүү профилдин дагы эч бир маалыматы жазылган эмес. Көбүнчө президент Садыр Жапаровду колдогон постторду бөлүшөт. 2022-жылы июнда «баатыр» Ташиев менен оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековду кайраштырган маалымат тараткан. Албетте, Жээнбековдун пайдасына эмес.

«Эй Равшан Жээнбеков, сен НПО менен Американын кулусуң. Ал эми Камчыбек Ташиев — элдик баатыр, сен анын тырмагына тең эмессин».

Азыр «Ташиева» керектүү постторду «жайылтууга» жигердүү катышууда — «Гүлнура Эрмекова» аттуу колдонуучунун публикацияларын таратып жаткан чагы. Эрмекованын барагында башкаларга салыштырмалуу аз-маз маалымат бар. Мисалы, туулган жылы көрсөтүлгөн — 1968. Аватарында болсо 25 жаштагы кыздын сүрөтү турат. Ал сүрөт VK-түйүнүндөгү «Казакстандын келишимдүү кишилери» тайпасынан алынган.

«Гүлнура» фейсбукта абдан активдүү — качан болсо президентти мактап, оппозицияны боктоп отурат. Жанын жай алдырбаган тема — баягы эле Равшан Жээнбеков жана ЛГБТ.

«Бул Жээнбеков депутаттыка гейлерди жайылтыш үчүн баратат. Камалганга чейин жалаң эле гей-параддарда жүрүптүр, анан кандай жакшылык күтөт элек? Тынч эле отуруп, мурунку кылган мыйзамсыз иштери үчүн жооп берсин. Депутат болбой эле көрүнбөй жүргөнү пайда».

«Алтын эле адамсың»

2021-жылдын май айынын ортосунда «Кумтөр Голд Компанинин» сырткы башкаруучусу болуп Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган. Бул дайындоо көпчүлүк үчүн күтүүсүз болгону менен, фейсбуктагы анонимдүү барактар качан эле билишкен. Айрымдары Бөлтүрүктүн талапкерлигин сүрөмөлөө кампаниясын ал дайындалгандан бир апта мурда башташкан.

«Айдарбек Нурбеков» аттуу, башкы бетине президенттин сүрөтүн коюп алган анонимдүү баракча Теңгиз Бөлтүрүктүн кызматка барышын колдогон постторду 10-майдан тартып жаза баштаган.

«Анын бай тажрыйбасы менен билими “Кумтөрдү” биздин жарандар башкарат деген жүз пайыз кепилдик берет. Ушундай адискөй турганда, чет элдиктерге үмүт артып турганыбыз уят!» — деп агынан жарылган ал.

Ошол эле күнү «Айдарбектин» сөзүн дагы бир анонимдүү «Сезим Тунук Кызы» деген аккаунт кайталаган. Барагында гулдестенин сүрөтү бар «Сезим» минтип жазган: «Теңгиз Бөлтүрүк — “Кумтөр Голд Компани” ишканасын сырткы башкаруучусу кызматына мамлекет сунуштаган башкы талапкерлердин бири. Абдан билимдүү киши! Анын резюмесин окуп чыктыңарбы?».

Ал эми Бөлтүрүк кызматка дайындалгандан кийин, профилинде эч бир маалыматы жок, жүзүн көрсөтпөгөн же кайдандыр көчүргөн сүрөттү коюп алган бийликчил аккаунттар аны колдогон ондогон билдирүүлөрдү жазышкан. Аларды окуп отурсаң, Кыргызстан алтын казган ишкананын арты менен заматта бутуна турчудай элес калтырат.

Бирок 2022-жылы сентябрда Бөлтүрүк жана анын бир нече кызматкери Кумтөрдөгү коррупцияга байланышка ишке шектелип кармалган. Кийин башкы прокурор Курманкул Зулушев уурулуктун масштабын айтып өткөн — анын айтымында, 1,1 млрд сомго жакын каражат кымырылган. Бөлтүрүк ага тагылган айыптарды четка каккан. Жазында ал үй камагына чыккан — анткени өзү жана башка шектүүлөр мамлекетке дээрлик 850 млн сом кайтарып беришкен.

Матраимовчул фейктердин эргүүсү менен

2020-жылы шайлоодон кийин толкундоолор учурунда, бийлик үчүн күрөш саясий айдыңда гана эмес, соцтармакта дагы кызуу жүргөн. «Кактус» редакциясы бир аз мурда бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимовду жана ага таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясын колдогон фейктер премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой баштаганын байкаган.

Көз ачып жумганча түсүн өзгөрткөн бул көрүнүштү алардын публикацияларынын скриншотунан көрсөк болот.

«Урматтуу кыргыз элим, шайлоого бир күн калды. Акыл калчап, ой жүгүртүп, Мекеним Кыргызстанды шайлаңыздар».
«Элге тынчтык керек! Сооронбай Жээнбеков президент бойдон калсын. Садыр Жапаров премьер-министр болсун!»


10-октябрда Жогорку Кеңеш Жапаровду премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып бекиткен. Анткен менен, жыйынга депутаттардын жарымы да чогулган эмес — катышкан депутаттар келбеген кесиптештеринин ордуна ишеним каттын негизинде добуш беришкен.

Көп өтпөй, ошол кездеги президент Жээнбеков отставкага кетип, Жапаров анын да милдетин аркалай баштаган. Ал эми кийинки жылдын башында расмий мамлекет башчы болуп шайланып, алтургай Конституцияны өзгөртүүгө үлгүргөн. Эми баш мыйзам өлкө башчысына эбегейсиз бийлик берет.

***

Албетте, анонимдүү фейк-аккаунттар чабуул койсо эле, Эдил Байсалов эртең отставкага кетет деген сөз эмес. Ошентсе да, кайсы бир деңгээлде коомдук пикир жараткан мындай баалуу ресурс жөн салды колдонулуп жатпаса керек. Байсаловго карат бул тукуруунун максаты белгисиз — бул кайсы бир саясий күчтөрдүн Байсаловго кыйытмасы дагы болушу мүмкүн. Балким, кайсы бир маселеде позициясын өзгөртүүгө мажбурлаган басым да болушу ыктымал.