Кыргызстан Орусиядан электр энергиясы менен газдын импортун көбөйтүүнү пландап жатат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстан Орусиядан электр энергиясы менен газдын импортун көбөйтүүнү пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Орусиянын «РИА Новости» басылмасына курган маегинде айтып берди.

Ибраевдин айтымында, азыр Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстан, Казакстан жана Орусиядан импорттоп жатат, ал эми Өзбекстандан Кыргызстанды көздөй транспортировкасы жүрүүдө.

«Быйыл түркмөн жана орус электр энергиясын алып жатабыз. Бизде “Түркмөнэнерге” жана “ИнтерРАО” менен келишим бар. “ИнтерРАО”, биздин план боюнча, жыл аягына чейин бизге 1,5 млрд кВт/с берет. Жана Түркмөнстандан 1,6 млрд кВт/с келет. Кийинки жылы Түркмөнстандан 1,7 млрд импорттойлу деп пландап жатабыз», — деди ал.

Андан тышкары, Ибраев Кыргызстан Орусиядан газ сатып алууну да көбөйтүү пландалып жатканын айтты. Министрдин айтымында, өлкөдө көгүлтүр отту керектөөнүн өсүүсү күтүлүүдө.

«Биз Бишкекти жана Чүй облусунун айланасындагы райондорду толугу менен газга өткөрөлү деп атабыз. Бул көмүргө альтернатива отун, ошондуктан бизде келе жаткан жылга бул отунду сатып алууну көбөйтүү боюнча планыбыз чоң. Ошондой эле Бишкек ЖЭБди газга өткөрүү планыбыз бар. Биз ага даярбыз, азыр ал боюнча иштеп жатабыз», — деп билдирди министр.

Ибраев Чүй облусунун Чалдовар айылында кубаттуулугу 500 мВт газ станциясын куруу планы бар экенин дагы кошумчалады.

Орусия Кыргызстанга электр энергиясын жеткире баштаганы апрелде белгилүү болгон. Анда 2023-жылдын апрелинен 2024-жылдын март айына чейин жалпы 900 млн кВт. саатка чукул көлөмдө электр энергиясы жекирилери айтылган.

Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү ишин «Интер РАО» компаниясы аткарып жатканы белгилүү. Ал электр станцияларынын жалпы кубаттуулугу 31 ГВт. түзгөн энергетикалык холдинг. Компания — электр энергиясын экспорт-импорт кылган жалгыз орусиялык оператор. Компаниянын негизги акционери болуп 2022-жылдын аягына карата «Роснефтегаз» (26,37%) эсептелет.

Башка өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо келишимин өлкө бийлиги республикада энергетикалык тармак кризисте болуп аткандыктан түзгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ноябрда өзү да айткан.

Мындан сырткары, кризис жана электр энергиясынын тартыштыгы көбөйүпр жаткандыктан бийлик бийлик 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып энергетикада өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Президенттин жарлыгына ылайык, режим 2026-жылдын аягына чейин уланат.

Президент Садыр Жапаров ӨК режимине байланыштуу комментарий берип жатып аталган режимди киргизүү энергетикада абал «кооптуу» дегенди билдирбесин, ал болгону Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтет деп айткан.