Орусия компаниясы Кыргызстанга электр энергиясын жеткире баштады

Орусиянын «Интер РАО» компаниясы 15-апрелде Казакстандын бирдиктүү энергоситемасы аркылуу Орусиядан Кыргызстанга электр энергиясын жеткире баштады. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүнө таянып «Интерфакс» жазды.

Маалыматта 2023-жылдын апрелинен 2024-жылдын март айына чейин жалпы 900 млн кВт. саатка чукул көлөмдө электр энергиясы жекирилери айтылат.

«Азыркы учурда жеткирүү саатына 400 МВт чейин түзүп жатат. Жеткирүүнүн көлөмүн аныктоочу негизги фактор болуп Казакстандын бирдиктүү энергосистемасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү (транзит) эсептелет. [...] Жеткирүүнүн пландык тартибин тараптар дайыма макулдашып турушат», — деп билдиришкен «Интер РАО» компаниясындагылар.

Ошондой эле компаниядагылар эгер транзиттин өткөрүү жөндөмдүүлүгү көбөйтүлсө, орус тарап республикадагы таңкыстыкты жабыш үчүн 3 млрд кВт.саатка чейин берип турууга даяр экенин билдиришкен.

«Интер РАО» — электрстанцияларынын жалпы кубаттуулугу 31 ГВт. түзгөн энергетикалык холдинг. Компания — электр энергиясын экспорт-импорт кылган жалгыз орусиялык оператор. Компаниянын негизги акционери болуп 2022-жылдын аягына карата «Роснефтегаз» (26,37%) эсептелет.

Мурдараак Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда республикага 2023-2024 жылытуу мезгилдерине электр энергиясын жеткирүү тууралуу макулдашууга кол коюлганы маалымдалган. Анда Орусия Кыргызстанга 850 млн кВт.саат. электр энергиясын берери айтылган.

2021-жылдын ноябрында президент Садыр Жапаров өлкөнүн энергетикалык секторундагы кризис абдан тереңдеп кеткенин билдирген. Калктын электр энергиясын керектөөсү жылдан-жылга өсүүдө, ал эми өлкө электр энергиясын азырынча көбүрөөк өндүрө албайт. Ошондуктан өлкөдө электр тартыштыгы байкалып, аны коңшу өлкөлөрдөн импорт кылуу жана утурумдук өчүрүүлөр менен жабууга аракет кылышууда.

Мындан сырткары, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында Министрлер кабинети 2023-жылдын 1-майынан тартып калк үчүн электрдин тарифисн жогорулатууну чечти.

Минкабдан тарифтерди көтөрүү — зарыл чара экенин, ал союздан калган жана 80% эскирген жабдыктарды жаңыртып алууга мүмкүнчүлүк берерин билдиришкен.