Каракол: Акыреги сынып калган ымыркайдын атасы дарыгерлерди шалаакылыкка айыптады

Караколдогу төрөт үйүндө дарыгерлердин шалаакылыгынан жаңы көз жарган аял жана анын ымыркайы оор абалда экенин жакындары айтып чыгышты. Алар 15-августта президентке кайрылып, ишти өз көзөмөлүнө алууну суранды.

Маалыматка караганда, 10-августта аял пландуу кесарево жол менен төрөтүлө турганы айтылган. Бирок 13-августта толгоо башталганда, дарыгерлер ал өзү төрөйт деген чечимге келишкен. Төрөт оор болгону айтылат.

«Дарыгерлер карабай койгондуктан баламдын жана жубайымдын абалы өтө оор. Баламдын колу жана акыреги сынган, мээсине кан куюлуп кетиптир. Ушуну өз көзөмөлүңүзгө алып берсеңиз», — деп кайрылды аялдын күйөөсү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен кызматтык иликтөө башталганын билдиришти. Мекеме бул окуя үчүн жооптуу экенин белгилеп, учурда ымыркайга да, жаңы төрөгөн аялга да тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканын айтышты.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында аталган ооруканада жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калган алты учур катталган. Ага төрөт үйүндөгү инфекция себеп болгону айтылып, жетекчиси кызматтан алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көл: Чарчап калган наристелердин апалары инфекция төрөт үйүнөн жуккан деп эсептейт