Ысык-Көлдөгү пансионаттарды Өзбекстанга бербесек аларга 40 млн доллар төлөп калабыз — Жапаров 

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган кезектеги маегинде Ысык-Көлдөгү 4 пансионаттын Өзбекстанга өтүшүнө байланыштуу комментарий берди. Буга чейин «Энесай» («Дилором»), «Бостери» («Алтын кум»), «Рохат» жана «Бустон» пансионаттары 49 жылга коңшу өлкөнүн башкаруусуна берилери маалым болгон

Аталган пансионаттар совет доорунда Өзбек ССРнин каражатанына курулган жана 1992-жылдагы келишим боюнча аларга таандык. Бирок 2016-жылы ошол кезде премьер-министр Темир Сариев башында турган өкмөт Өзбекстандын мамклекетти компанияларына караштуу болгон ошол пансионаттарды Кыргызстандын менчигине алган. Бирок Өзбекстан эл аралык арбитражга доо арыз берген.    

Президент өз интервьюсунда Темир Сариевдин пансионаттарды Кыргызстандын карамагына өткөрүү боюнча чечими «популисттик» болгонун айтты. Жапаров натыйжада Кыргызстан Вашингтондогу эл аралык сотто Өзбекстандан утулуп, 40 млн доллар төлөмөр болуп калганын билдирди. 

«Биз эки жак келишип, "Анча акчаны төлөй албайбыз. Андан көрө силер 49 жылга алгыла, 4-5 жылдыздуу мейманканаларды кургула" деп келиштик. Ал пансионаттардын ахывалын көрсөңөр аткана. Биз өзүбүз жакынкы 15-20 жылда ал пансионаттарга бир тыйын сала албайбыз. Башка жыртык-тешиктерибизди бүтөй албай жатып ал пансионаттарга кайдагы акча», — деди ал.

Президенттин айтымында, бул пансионаттарды азыркыдай акыбалы менен эч ким 4 млн долларга да сатып албайт. Ошондой эле Жапаров пансионаттар өзбек тарапка «короткон акчасын актап» алышына кепилдик болушу үчүн узак мөөнөткө берилерин түшүндүрдү.   

Президент «Кемпир-Абад кетти, эми пансионаттар кетип жатат» деген кептерге да жооп берди.

«"Кемпир-Абад" кетти" дегендер же сабатсыздар, акылсыздар же ичи кир адамдар. Кемпир-Абад кеткен жок. Келди. Мындан ары 50/50 башкарабыз деп 50 пайызын алып койдук. Мурда 50 пайыз эмес, 50 метр жакын жолой албайт элеңер го? Же калппы? Биз ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимибиз үчүн 50 жылдан кийин дагы бетибиз кызарбай жооп берүүгө даярбыз. Ар бир жасаган ишибиз мамлекет үчүн, эл үчүн гана болот. Андыктан кайсы бир сайттар, кимдир бирөөлөр кайсы бир иште резонанс жараткылары келсе андайларга көңүл бурбагыла», — деп кайрылды Жапаров.

Анын пикиринде, мурда андай «сайттар» «Мегаком» жана «Манас» аэропорту сыяктуу мамкомпаниялардын акчасына камсыздалып турган.

«Так кесе эле жооп берейин. Мурда ошолордун баары "Кумтөр", "Мегаком", аэропорттон акча алып турушкан. Мен бийликке келерим менен токтотуп койгом. Эмне үчүн жеке сайттарды мамлекеттик ишканалар багыш керек? Алды 20 миллион сом, арты 2-3 миллион сомдон жылына алышчу экен. Элдин, мамлекеттин акчасы эл үчүн иштеш керек деп кесип салгам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин алардын баары мени жек көрүшөт. Ошол үчүн жакшылык иштерди көрүшсө дагы көргүлөрү келбейт. Мен аларга көңүл деле бурбайм», — деп жыйынтыктады сөзүн президент.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги аталган төрт пансионат учурда номерлеринин көпчүлүгү начар жана авариялык акыбалда тургандыктан чыгашалуу экенин билдирүүдө. Объектилердин инфраструктурасы эскиргени, аларды жаңылоо жана модернизациялоо үчүн ири инвестиция талап кылынары белгиленет. 

Ошондуктан пансионаттар өзбек инвесторлорунун пайдалануусуна, ал эми жери — ижара шартында өткөрүлөт. Ордуна өзбек тарап пансионаттарды эл аралык талаптарга ылайык 3-4 жылдыздуу мейманкана деңгээлине жеткирип, реконструкция жүргүзөт. Ошондой эле, коюлган шартка ылайык,  жумушчулардын 80%дан кем эмеси Кыргызстандын жарандары болушу керек. 

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйында жетишилген макулдашууга ылайык:

  • «Алтын кум» пансионаты «Ташкент механикалык заводу» акционердик коомуна өткөрүлөт;
  • «Дилором» пансионат — «Асакабанк» акционердик коомуна өткөрүлөт;
  • «Рахат» пансионаты — «Өзбекстан Республикасынын Тышкы экономикалык ишмердүүлүк Улуттук банкы» акционердик коомуна өткөрүлөт;
  • бүтө элек «Бустон» объектиси — «Узпромстройбанк» акционердик коомуна өткөрүлөт.

Өзбек инвесторлору ар бир пансионатка 15-20 млн доллар каражат жумшайт деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, бийлик бир нече заманбап пансионаттын пайда болушу аймактын экономикасына мультипликативдик натыйжа берет деп ишенет.  

Ошондой эле салык жыйымдарынын көлөмү жылына 130 млн сомдон ашары, ар бир объектте 200дүн тегерегинде жумуш орду түзүлөрү, ал эми жергиликтүү ишкерлерге пансионаттын аймагында бизнес ачууга мүмкүнчүлүк берилет деп күтүлүүдө.