Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет

«Эне-Сай» (мурдагы «Дилором») пансионаты. Сүрөт: Интернеттен алынды

Кыргызстан Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан төрт пансионатты 49 жылга Өзбекстанга башкарууга берет. Бул тууралуу 17-августта «Азаттык» басылмасы Маммүлктү башкаруу агенттигине таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, сөз «Дилором», «Золотые пески», «Рохат» жана «Бустон» пансионаттары тууралуу болууда.

Агенттиктен Өзбекстан пансионаттардын ар бирине 15-20 млн доллар инвестиция жумшоону көздөп жатканын белгилешти.

Өкмөт «Золотые пески», «Рохат» жана «Дилором» мамлекеттик пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин 2020-жылы эле билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аталган эс алуу борборлор мамлекеттин менчиги болуп, инвесторлорго убактылуу башкарууга берилерин айткан.

2016-жылы совет учурунда Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгып, эс алуу борборлордун аталыштары кыргызчаланган. Ага ылайык, «Рохат» — «Алтын жай», «Дилором» — «Эне-Сай», «Золотые пески» — «Бостери» болуп өзгөргөн. Ал эми «Бустон» пансионатынын аталышы өзгөртүүсүз калган.

Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-өзбек чек арасындагы бир нече араздашуулардан кийин төрт пансионатты менчиктештирип алган.

Бул пансионаттар совет мезгилинде Өзбекстандын ССРнин каражатына курулган жана 1992-жылдагы келишим боюнча Өзбекстанга таандык болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көлдөгү пансионаттарга тиешелүү тазалоочу жайлар текшерилип, айрымдарына айып салынды