Ысык-Көл: Милиция 271 жашы жете элек бала ар кандай жумуштарда иштеп жатканын аныктады

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын балдар иштери боюнча инспекторлору көл жээгинде эмгектенген жашы жете элек 271 баланы аныктады. Бул тууралуу 21-августта облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, август айында ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын болжолдуу жумуш орундарын интенсивдүү текшерүү жүргүзүлдү. Ага ылайык, жалпы 2187 объект көзөмөлдөн өткөрүлдү.

Милициядан жайкы туристтик сезон убагында Ысык-Көл ОИИБнин балдар иштери боюнча инспекторлору «Өспүрүм — эмгек» аттуу ыкчам алдын алуу иш-чараларын байма-бай уюштуруп турарын белгилешти.

Аталган иш-чаранын башкы максаты — облустун аймагында жайкы эс алуу учурунда балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле алардын ден соолугуна зыян келтирген эмгек шарттарын аныктоо болуп саналат.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 26,7% жашы жете элек балдар эмгектенет. Айыл жергесинде жашаган балдар шаарда жашагандарга караганда көбүрөөк иштөөгө мажбур болушат.

Балдар эмгегинин көрсөткүчү Нарын жана Талас облустарында эң жогору, ал эми эң төмөнкү көрсөткүч — Бишкек жана Ош шаарларында.