«Манас айылында» журналисттердин техникасын күзөтчүлөр тартып алышты

Материал жаңыланат

24-августта «ПолитКлиника» басылмасы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинде съёмка учурунда техникалык жабдыктарын күзөт кызматкерлери тартып алганын билдирди.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Билдирүүгө ылайык, күзөт кызматкерлери өздөрүн тааныштырбастан жана эч кандай түшүндүрмө бербей туруп дрондун башкаруучу пультун оператордун колунан жулуп тартып алышкан.

Учурда журналисттер учурда милиция кызматкерлерин күтүп жатышканы кабарланды.