Интернет басылмалары ЖМК катары катталууга милдеттүү эмес — юрист «Клооп» боюнча арыз тууралуу  

«Клооптун» кызыкчылыгын коргогон юрист Фатима Якупбаева Бишкек шаардык прокуратурасынын «Клооп Медианы» жоюу боюнча арызына комментарий берди.

Ал прокуратуранын доо арызы бир нече аргумент боюнча куралып атканын белгиледи.

  • жарандардын ой-жүгүртүүсү менен аң-сезимине терс психологиялык таасир этүүчү материалдарды жайылтуу (10 материалдын аталышы көрсөтүлгөн);
  • ЖМК лицензиясынын жоктугу;
  • уставда фонд ЖМК боло алат деген жеринин жоктугу.

Якупбаева документ менен таанышып, аны талдап чыккан соң юридикалык жакты жоюу талаптары белгиленген тартип менен мыйзам бузган деп негизделиши керектигин түшүндүрдү. Бирок ал, «кайсы бир материал мыйзамды же кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын бузду деп тааныган соттун чечими жоктугуна» көңүл бурду.  

Юрист ЖМКнын каттоосу интернеттеги басылмалар үчүн милдеттүү болуп эсептелбесин дагы белгилеп, «Клооптун» уставы толугу менен мыйзамга дал келерин кошумчалады.

«10.04.2023 ж. №001407 комлекстүү илимий-политологиялык жана лингвистикалык экспертизанын корутундусунда материалдарда расалык, улуттук же башка кастыктын белгилери жок, бирок ошол эле кезде кыйыр чакырыктын белгилери (эмнеге чакырык экени такталып айтылбаган) бар же “ал максатты жеткирүүнүн формасы фактологиялык ырастама болуп эсептелет” — контексттен алынган, түшүнүксүз терилген сөздөр», — дейт ал.

Якупбаева көзөмөл органынын арызында оорчундуу билдирүүлөр бар экенин да айтат, мисалга: «материалдарда улуттук кастыкка алып келе турган сөздөр бар, орус улутундагыларга карата кастыкты козутуучу, басынтуучу мүнөздөгү сөздөр бар».  

Ошол эле кезде тек кайсыл материалдарда ошондой сөздөр бар экени, кайсыл материалдар экспертизага берилгени доо арызда көрсөтүлгөн эмес. Якупбаева прокуратура «“Клоопту” [манипулияцияга] айыптап, ошол эле кезде өзү да [кайсыл материалдар экенин айтпай] маалыматты манипуляциялап жатат» деп эсептейт. 

Прокуратуранын арызы

Бишкек шаардык прокуратурасы «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна берди. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат. 

Арызга ылайык, «Клооп Медиа» ЖМКлардын мамлекеттик реестринде катталган эмес, ал эми уюмдун уставында маалымат жайылтуу ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес деп айтылган. Чынында, «жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча оюн эркин айтууга маалыматтык аянтча түзүп берүү» көрсөтүлгөн. 

Ошол эле кезде документтин көпчүлүк бөлүгү таптакыр эле башка темага арналган — «Клооптун» материалдары Кыргызстанга терс таасир этип жаткан имиш.  

Прокуратуранын доо арызын толугу менен бул жерден окуңуз