ЧУКУЛ КАБАР! Шаардык прокуратура «Клоопту» жоюуга арыз берди

Бишкек шаардык прокуратурасы «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна берди. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат. 

Арызга ылайык, «Клооп Медиа» ЖМКлардын мамлекеттик реестринде катталган эмес, ал эми уюмдун уставында маалымат жайылтуу ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес деп айтылган. Чынында, «жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча оюн эркин айтууга маалыматтык аянтча түзүп берүү» көрсөтүлгөн. 

Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү тап-такыр башка темага — «Клооптун» макалаларынын Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жатканына арналган.  

Арызда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Клоопко» ар башка маалда чыккан материалдар боюнча тергөө жүргүзгөнү айтылат. Ошондон кийин гана басылма жарыялаган материалдар «учурдагы бийликтин жүргүзгөн саясатына кескин сындоого багытталган» деген бүтүм чыгарылган. Ошондой эле, жарыяланган материалдардын көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн дискредитациялоого багытталган деп айтылат. 

Документке ылайык, УКМК «Клооптун» материалына карата «бийликти басып алууга ачык чакырык жасоо» фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин 2021-жылы ноябрда эле ачкан. Аны менен катар, бир нече «соттук-психолого-психиатриялык» экспертиза жүргүзүп, натыйжасы материалдар «коомдук пикирге чындыкка дал келбеген негативдүү процесстерди таңуулаган, иштеп жаткан өкмөт баштаган ар бир ишке оппозиция жараткан, коомдун пикирин манипуляциялоонун жашыруун белгилери бар» деп чыккан. 

Аны менен катар, кызыгы, экспертиза ыктымал анализдеген макалалардын бири — «Мигранттар Кыргызстандын түштүгүн сактап калууда» деген аталыштагы материал «Клооптун» сайтында жана соцтармактагы барактарында таптакыр жок. 

Прокурор «Клоопко» дагы кандай айып койду? 

2023-жылдын июнунун аягында прокурорлук кызматка киришкен Эмилбек Абдыманнапов доо арызында бир нече күлкүлүү сөздөрдү жазган:

  • Баткен облусунун тургундары «Клооп» жарыялаган материалдардын айынан чет жерге, өлкөнүн башка аймактарына көчүп кетип жатышат.

«Клооптун Баткен облусундагы чек арага жакын аймактарынын социалдык-экономикалык абалына терс таасир этүүсүнүн кесепети болуп ал жакта ички жана тышкы миграциянын агымы азайбай жатат деген жагдайы эсептелет».

  • «Клооп» «орус улутунун» өкүлдөрүн көтөрмөлөйт дейби же басынтат дейби, айтор. 

«[“Клооптун” экспертиза тарабынан изилденген материалдарында] “Кыргыз Республикасынын жарандары орус улутуна салыштырмалуу кемтиги бар деген мазмундагы билдирүүнү пропагандалоочу сөздөр” жана “орус улутундагыларга карата кастыкты козутуучу, басынтуучу мүнөздөгү сөздөр бар”».

  • «Клооптун» репортаждарынан кийин окурмандарда «психологиялык бузуулар», «сексуалдык аномалия» жана баңгиге көзкарандылык пайда болот.

«“Клооп” өзүнүн репортаждарында коомго түздөн-түз терс эмоционалдык-психологиялык таасир этет, муну менен адамдардын абдан чоң массасында коркуу, тынчсыздануу, үмүтсүздүк, дүрбөлөңгө түшүү сезимдерин туудурат, дайыма туруксуздукту жана социалдык абалынын белгисиздигин сезип, өздөрүнүн күчүнө ишенимин жана келечегине үмүтүн жоготушат. Акырындык менен руханий жактан чөгүп, аргасыздыкка батып, турмушунун кыйрашын күтүп калышат, [бул] агрессивдүү-кылмыштуу жүрүм-туруму менен социалдык-стресстик психологиялык бузулуулардын өөрчүшүнө, сексуалдык аномалияларга, аддикциянын химиялык жана химиялык эмес формаларына, суициддик маанайларга жана башка социалдык адаптациянын бузулуусуна алып келет».

Доо арызды толугу менен бул жерден окуса болот.