Абдирасулова үйүнө белгисиз адамдар келип, жолдошуна күч колдонгонун билдирди

Азиза Абдирасулова. Сүрөт: Жаңы жүздөр

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 28-августта үйүнө белгисиз эки киши бастырып кирүүгө аракет кылып, жолдошуна орой мамиле жасап, күч колдонгонун билдирди. Фейсбукка жазган билдирүүсүндө ал белгисиз кишилер «күч органдарынын кызматкерлери болушу ыктымал» деп божомолдоду

Абдирасулова Башкы прокурорго, УКМКнын төрагасына жана ИИМдин башчысына кайрылып, анын «үй-бүлөсүнө карата мыйзамсыз аракеттерди токтотууну» талап кылды.

«Ден соолугума байланыштуу 27-августта Ысык-Атага кеткен элем. 28-август күнү, жолдошум Жанызак Абдирасуловдун айтымында, үйүбүзгө жарандык кийимчен, 35-40 жаштардагы орто бойлуу, бири ак жүздүү, экинчиси кара тору жигиттер келишип, мени сурашыптыр. Абышкам менин үйдө жок экенимди айтканына карабай, үйгө бастырып киргенге аракет кылышып, бирок итибизден коркуп кире алышпаптыр», — деди укук коргоочу.

Ошондой эле Абдирасулова бейтааныш кишилер анын жолдошунун чөнтөк телефонун тартып алууга аракеттенгенин билдирди. Анын айтымында, алар өздөрүнүн аты-жөнүн жана эмне себептен келгенин айтышпай, үйдүн жанында кетпей күтүп турушкан. 

«Эгер мага карата укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир суроолор болсо, жолугуп сүйлөшүүгө жана берилген суроолорго жооп берүүгө дайым даярмын», — деди Абдирасулова.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Шаардык сот укук коргоочу Азиза Абдирасуловага салынган айыппулду жокко чыгарды