Бишкек: Шаардык сот укук коргоочу Азиза Абдирасуловага салынган айыппулду жокко чыгарды

Бишкек шаардык соту 17-январда укук коргоочу Азиза Абдирасуловага салынган айыппулду жокко чыгарды. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Өткөн жылдын 25-ноябрында Биринчи май райсоту Абдирасуловага «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренеси боюнча 3 миң сом айып салган.

Милиция кызматкерлери укук коргоочуну 15-ноябрда Ак үйдүн алдында күч менен кармашкан. Ага чейин ал жерде Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы митинг өткөн болчу.

Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орун басары Тилек Тюкебаев 64 жаштагы укук коргоочуну «мас болуп алып сөгүп жатат» деп айыптаган. «Мен формачанмын, сөкпө», — деп кыйкырган милиционер. Ошол эле маалда видеодо укук коргоочу адепсиз сөздөрдү колдонгону тууралуу далил болгон эмес.

Милиция укук коргоочуну түрткүлөп, колунан сүйрөп алып кетүүгө аракет кылып жатканда укук коргоочу жерге отуруп калган. Башында Абдирасулованы медициналык күбөлөндүрүүгө алып кетүүнү каалашкан, бирок ал жакка барбай милиция бөлүмүнө алып келишкен.

Абдирасулова кармалуусун укук коргоочулук ишмердиги жана Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттер менен саясатчылар тууралуу маалыматтарды чыгарып турганы менен байланыштырган. Ал өзүнө тагылган айыпка макул эместигин, актыгын сотто коргоого даяр экенин айткан.

Андан бир күн мурун Абдирасулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов аны аңгемелешүүгө чакырганын айткан. Укук коргоочунун айтымында, милиция кызматкерлери ага «жазгандарын үчүнчү күчтөр пайдаланып кетпеши үчүн» Фейсбукта азыраак жазууну сунушташкан.

«Мага карата басым болду. Ага чейин артыман кайсыл бир кызматкерлер [аңдып] жүрүшкөн. Кармап кетишет деп күткөм, бирок мынчалык акылсыз, негизсиз болот деп ойлобопмун […] Кечээ сигнал болгон, митингден жүз метр алыс турсам дагы баары бир кармап кетишмек», — деп белгилеген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

Азиза Абдирасулованы күчтөп унаага салып кеткен полковник ким?

Митингге катышпасам деле кармап кетишти — укук коргоочу Азиза Абдирасулова