Бир видео менен: Кара-Кулжанын тоолорунда балдарын ээрчиткен ак илбирс

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тоолорунда үч баласын ээрчиткен ак илбирс видеого түшүп калды. Тасманы блогер Жаныбек Кызылов соцтармакта бөлүштү.

Автор илбирстерди экспедицияда жүргөндө тартып алганын, жергиликтүүлөрдүн айтымында, буга чейин мындай көрүнүшкө күбө болгондор жок экенин жазды.

«Бул өтө келишимдүү, азык чынжырындагы эң маанилүү жаныбарлардын бири. Андыктан, аларга кам көрөлү жана биз жаратылышы кооз, уникалдуу фаунасы бар укмуштуудай өлкө экенибизди эстен чыгарбайлы. Өлкөбүздүн ар бир бурчун коргой алсак анда бардык жаныбарлар жашай алат», — деп жазды Кызылов.

Ак илбирс Кызыл китепке 1997-жылы «жок болуу коркунучунда турган жаныбардын түрү» катары киргизилген. Ал эми өлкөдө ак илбирсти аткандарды 1,5 миллион сом айыпка жыгуу жазасы каралган.

Илбирс Кытай, Монголия, Непал, Тажикстан, Ооганстан, Казакстан жана Өзбекстандын аймактарын байырлайт. Айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстанда алардын саны 300-350гө жеткени айтылып жүрөт, башка булактар биздин өлкөдө 400-450 ак илбирс бар экенин айтат.

2013-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Кыргызстанда алгачкы жолу ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форум өткөн. Анда ак илбирс байырлаган 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Бул демилгеден кийин ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык план иштелип чыккан.

Ак илбирсти сактоо боюнча демилгелер көтөрүлгөнүнө карабастан, эксперттер 2040-жылга чейин дүйнө боюнча алардын саны 10%га азаят деп божомолдошууда. Буга көптөгөн факторлор, анын ичинде алар байырлаган чөйрөлөрдүн кыскарышы да себеп болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көл: «Хан-Теңири» жаратылыш паркындагы фототузакка түшүп калган ак илбирстердин сүрөттөрү

Сүрөт: Чүй облусунун тоолорунда сейрек кездешкен жапайы жаныбарлар фототузакка түшүп калды