Бир цитата: Садыр Жапаров «жаштарга үлгү болсун» деп футбол ойнорун билдирди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде «футбол эле ойноп жүрөт, башка иш кылбайбы» деп айтылган сындарга жооп берди. 

Жапаров анда күндө эле футбол ойноп жүрбөгөнүн айтып, болгону «бир жылда эки күн ойнойм» деп жооп берди. 

«Май анан декабрь айында министрликтер арасында “Мурас” аттуу футболдук турнири өтөт. Эмне үчүн бул турнирди уюштурдук? Жаштарга пропаганда, үлгү бололу дедик. Баңгичиликке кирип кетпей, жаман иштерге барбай, керээли кечке компьютерде олтурбай спортко кызыксын дедик. "Спорт ден соолуктун булагы" дейт. Кары жашыбыз дебей баарыбыз жаштарды спортко үндөйлү. Ден соолугу таза улут болсо, ден соолугу таза өлкө болот», — деп айтты президент. 

Ошондой эле президент сын айткандарга кайрылып «интернеттин артында күнү-түнү олтурбай» спорт менен машыккыла деген кеңешин берди. 

Жапаров футболго кызыгат. Ал бийликке келгенден бери президент өзү, министрлер менен депутаттар ойногон «Мурас» кичи футболдук мелдеши бир канча жолу өткөрүлдү. Ошондой эле Жапаров «“Барселонанын” легендалары» менен «Азиянын легендалары» ойногон таймашка да катышкан.