Маркум өспүрүмдөрдүн жакындары. Сүрөт: «Акипресс» басылмасы

9-июнда Бишкектеги ботаникалык бакта 16 жаштагы мектеп окуучусу бычакталып көз жумган, ал эми 13-июнда анын досунун сөөгү өзү жашаган үйдөн табылган.

Маркумдардын жакындары 4-сентябрда каргашалуу окуяны уюштурган адам «Октябрь РИИБдин кызматкеринин уулу экенин» жана тергөөгө «бут тосуулар болуп жатканын» айтып чыгышты. Алар милиция кылмышка шектүүлөрдү «актоого аракеттенүүдө» дейт.

Октбярь РИИБден «Клоопко» ишти Бишкек ШИИБи өз көзөмөлүнө алганын билдиришти. Ал эми кызматкерине карата айыптоо боюнча жооп берүүдөн баш тартышты.

Эмне болду?

9-июнда Бишкек шаарында жайгашкан Гареев атындагы ботаникалык бакчанын аймагында орто мектептин окуучулары мушташып, 16 жаштагы Атай Ниязбеков бычактан алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

Аталган факт боюнча Октябрь РИИБи «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Окуя болгон күнү кылмышка шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм кармалып, Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү абагына киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө иш «Киши өлтүрүү» беренесине квалификацияланган.

Ал эми 13-июнь күнү милицияга борбор калаадагы жеке үйлөрдүн биринде 16 жаштагы Эрнур Акжоловдун асынган абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал маркум Ниязбековдун досу экени белгилүү болгон.

Текшерүү учурунда маркумдун денесинен жарааттын издери аныкталган эмес. Бул факт Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Ал эми 13-июлда тергөөчү тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча токтом чыгарылган.

«Өлтүрүүгө буйрук бергендер табыла элек»

Маркум Атай Ниязбековдун атасы Ниязбек Ажыгулов Октябрь РИИБдин кызматкерлери уулунун өлүмүнө себепкерлерди бүгүнкү күнгө чейин толук аныктабай келет дейт.

Анын айтымында, тергөөчүлөр кылмышка шектүү катары кармалган тургундун соттук-медициналык экспертизасын «аффект абалында болгон» деп бурмалап, жазасын жеңилдеткени аракет кылып жатат.

«Тергөөчү кылмышты уюштургандарды жана алардын шериктерин, тактап айтканда, кылмышка шектүүнү “разборкага” чакыргандарды, бычак бергендерди аныктоо үчүн иш-аракеттерди көргөн эмес. Мага бул “разборкалардын” уюштуруучусу Илгиз аттуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкеринин уулу экени белгилүү болду. [...] Учурда атасы тергөөгө ар тараптан тоскоолдук кылып, күбөлөрдү коркутуп, уулуна каршы көрсөтмө бербеген күбөлөрдү гана тергөөчүгө алып келүүдө», — деди маркумдун атасы.

Ал эми маркум Эрнур Акжоловдун апасы Нуржамал Сарыкова 4-сентябрда өспүрүмдөр алдын ала даярдык көргөн топ тарабынан киши колдуу болгонун билдирди.

Сарыкованын айтымында, маркум өспүрүмдөр жана жаңжалды уюштурган эки бала «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинде билим алышкан. Ал эми жаңжалга катышкандар Бишкек шаарындагы №9 мектеп-гимназия окуу комплексинин окуучулары болгон. Алардын ортосундагы чыр эмнеден улам чыкканын милиция азыркыга чейин аныктай элек.

«Бычак көтөрүп он беш бала менин уулум — Эрнурду өлтүргөнү [ботаникалык бакка] “жөн эле бирдеме сурайбыз” деп алдап чакырышкан. Балам эки бала экен деп ойлоп, “менден силерге эмне керек?” деп сураш үчүн барса он беш бала болуп атпайбы. Анан коркуп кетип [маркум Ниязбеков] Атайды чакырган. Балам “көрбөгөндөй болуп кетип эле калалы, мен аларды билбейм” деп жанындагы классташы менен качканы жатканда тигилер артынан ышкырып чакырып, башына, мурдуна тээп сындырып, муунтушуптур», — деп билдирди Сарыкова.

Жабырлануучулар ишти көзөмөлгө алууну өтүнүп, өлкө башчысы Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, Башкы прокуратуранын, ИИМдин жана Бишкек ШИИБдин башчыларына кайрылышты.

Милиция эмне дейт?

Октябрь райондук милициясынан 4-сентябрда «Клоопко» каза болгон баланын ата-энесинин жүйөлөрүн эске алуу менен кошумча комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү максатында ишти Бишкек ШИИБи өз көзөмөлүнө алганын айтышты.

Ошондой эле учурда кылмыш иштин алкагында окуянын чыныгы жагдайларын аныктоо максатында тергөө жүрүп жатканын белгилешти.

Ал эми маркумдун атасынын «ишке РИИБдин кызматкери аралашып жатат» деген айыптоосу боюнча сураганыбызда маалымат пресс-релиздин алкагында гана берилерин айтышты.

3-августта окуяга байланыштуу«Сапат» эл аралык окуу борборуна караштуу Бишкек жана Кара-Балта шаарларындагы жалпы билим берүү лицейлеринин директорлору кызматынан алынып, 20га жакын адиске чара көрүлдү.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аябай чарчадым». Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жашар кыздын апасы соттук ишти тездетүүнү өтүнүп президентке кайрылды