«Аябай чарчадым». Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жашар кыздын апасы соттук ишти тездетүүнү өтүнүп президентке кайрылды

Өткөн жылы 4-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда зордукталып өлтүрүлгөн кыздын апасы Жумагүл Нурбаева тараптар соттук отурумду атайын создуктуруп жатканын айтып чыкты. Ал ишти аягына чейин көзөмөлгө алууну суранып, кайрадан президентке жана башкы прокурорго кайрылуу жасады.

Кыздын өлүмүнө шектүү катары кармалган төрт жарандын экөөсү — 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында асынган абалда табылган. Ал эми дагы экөө — Кадамжай райондук сотунун үстүбүздөгү жылы февраль айындагы чечими менен бири 10 жылга, ал эми экинчиси мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Нурбаеванын айтымында, кызынын өлүмүнө шектелип кармалган төрт айыпкердин бири — жашы жете элек Элдияр Бактияр уулу — биринчи инстанциядагы сотто маркум Айдай Кочкорованы зордуктап өлтүргөнүн, телефонун талкалап таштап салган жерине чейин көрсөтүп берген.

Маркумдун апасы учурда аталган иш боюнча экинчи инстанциядагы соттук отурум Баткен облустук сотунда уланып, анда Бактияр уулу «ар кандай версияларды ойлоп таап, өз көрсөтмөсүн өзгөртүүнүн амалын издеп жатканына байланыштуу» үч айдан бери жыйынтык чыкпай келе жатканына нааразычылык билдирди.

«Дайындалган экспертизада булардын эркектик уруктары аныкталган. Бактияр уулу көрсөтмөсүндө [ишке байланыштуу] бүт баарын өз моюнуна алып, кызымдын телефонун талкалап, Халмион базардын үстүнө таштап салган жерине чейин таап беришкен. Апрель айынан бери бүгүнкү күнгө чейин Баткенге каттап жүрүп чарчадым. Булар улам эле адвокаттарын жаңылап, ар кандай немелерди ойлоп таап жатышат. Кызымдын өлгөнүнө жакында бир жыл болгону турат», — деди Нурбаева.

Нурбаева отурумдар узап кеткенине байланыштуу жолдошу стресстен улам нерв оорусуна чалдыгып, ал эми өзүнүн дагы ден соолугу жакшы болбой психикалык жана физикалык жактан чарчап калганын айтты. Мындан улам ал, өлкө башчысына жана башкы прокурорго ишти аягына чейин көзөмөлгө алып берүүнү суранууда.

«Бул балдар эмне үчүн зордуктап, зордуктоонун изин жашыруу максатында менин кызымды өлтүрүп салышты? Алар өз жазаларын алышы керек. [...] Урматтуу Садыр Нургожоевич, [Курманкул] Зулушев, башында ушул ишти “өз көзөмөлүмө алдым” деген элеңиздер, ишти аягына чейин өз көзөмөлүңүздөрдө жыйынтыктап берүүнү суранат элем. Мен бул ишке чуркап жүрүп аябай чарчадым, мен үчүн өтө оор жоготуу болду. Жалгыз кызымдан айрылганым аз келгенсип, бул балдардын артынан сотко чуркап өтө кыйналдым», — деп билдирди маркумдун апасы.

Буга чейин, 24-апрелде айыпталуучулардын жактоочусу кылмыш ишинин алкагында табылган жаңы жагдайлар «тергөөнүн версиясына дал келбей жатканын, ал айыпталуучулардын ишке эч кандай катыштыгы жоктугун көрсөтөрүн» айтып чыккан.

Ал эми өмүр бою эркинен ажыратылган 27 жаштагы Денис Гапыровдун жакындары 12-июнда Кадамжай ички иштер башкармалыгынын алдына чогулуп, анын күнөөсүз экенин айтышкан. Гапыровдун апасы уулунун 14 жаштагы кыздын өлүмүнө «эч кандай тиешеси жоктугун» айтып, өзүн өрттөөгө аракет кылган болчу.

Кадамжайда 14 жашар кыздын киши колдуу болушу

Өткөн жылдын 4-сентябрында Кадамжай райондук милициясына Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда муунтуудан калган жиптин издери бар экенин аныкташкан. Башкы прокурор Курманкул Зулушев кармалгандар кызды зордуктоого да айыпталып жатканын айткан.

«Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айтып, «кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш» деп билдирген. Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев укук коргоо органынын кызматкерлери бул ишти «адилет тергеп берет» деп убадалаган.

5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган. Кийинчерээк бул ишке катыштыгы бар делип төртүнчү шектүү — жашы жете элек өспүрүм кармалган. Алардын бардыгы Кадамжай райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

Ошол эле жылы 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында бул ишке шектүү эки киши каза болгон. Маркумдун жакындары алардын ТИЗОнун эки бөлөк камерасында бир эле убакта асынып, өз жандарын кыйганына ишенбей турганын айтышкан.

Алар шектүүлөргө абакта басым көрсөтүлгөн деп эсептешип, бул окуяга «президенттин түздөн-түз күнөөсү бар» деп билдиришкен.

Кийин Оштогу тергөө абагынын кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизадан маркумдардын денесинде эски тактар чыкканы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

14 жашар кыздын өлүмү: Маркумдун апасы айыпталуучуларды актоо аракети болуп жатканына нааразы

Кадамжай: 14 жашар кызды өлтүрүүгө айыпталгандардын бири 10 жылга, экинчиси өмүр бою эркинен ажыратылды

«Асынмак эмес». Окуучу кыздын өлүмүнө шектелгендердин жакындары алар суицидге бармак эмес дешүүдө