Минкаб жарым литр аракка 158 сом өлчөмүндө минималдык чекене баа коюуну сунуштап жатат

Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиги арак продукцияларынын баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндөгү токтомдун долбоорун демилгеледи. Документтин максаты — арак продукцияларынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу жана бюджетке түшүүчү кирешени көбөйтүү.

Токтом долбоору коомдук талкууга 4-сентябрда коюлган. Мамлекеттик агенттик 2024-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн аракка төмөндөгү өлчөмдөрдө минималдык баа коюну сунуштап жатат:

  • Дүң, 0,5 литр даяр продукцияга — 156 сом;
  • Чекене, 0,5 литр даяр продукцияга — 158 сом.

Аракка болгон минималдуу баалар аракты сатуу үчүн, анын ичинде жарнамалык акцияларды, маркетингдик жана башка иш-чараларды жүргүзүүдө акыркы минималдуу баалар болуп саналары белгиленет.

Андан тышкары Мамлекеттик агенттик алкоголдук продукцияларды өндүргөн ишканаларга фирмалык соода түйүндөрүн ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштоодо.

Токтом долбоорунун маалымкат-негиздемесинде өлкөдө арак продукциясын жүгүртүүнүн олуттуу бөлүгү «көмүскө» экени, андан улам бюджет жыл сайын миллиарддаган сом кирешесин жоготуп, ошондой эле кыргызстандыктардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралып атканы айтылат. Алсак, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылы арак жана ликер-арак азыктарын сатуунун көлөмү 30 млн. 260 миң литрди түзгөн.

Бирок аталган продукцияны өндүрүү жана импорттоонун көлөмү 9 млн 86 миң литрди түзгөн. Демек, 21 млн 174 миң литр мыйзамсыз жүгүртүүдө, мындан улам бюджетке 2,9 млрд сом түшпөй калган.

«Азыркы учурда республиканын рынокторунда арзан контрафактылык аракты сатуу фактылары аныкталууда. Сыйымдуулугу 0,5 л. мыйзамдуу өндүрүлгөн арактын дүң баасы 156 сомду түзөт, ал эми базарда контрафактылык арактын 0,5 л. бөтөлкөсү 120 сомдон сатылууда.

Алкоголдук рыноктогу суроо-талапты жана сунушту эске алуу менен, ага ылайык, баанын төмөндөшүндө суроо-талаптын көлөмү өсөт жана керектөөчүлөр товарды көбүрөөк санда сатып алууга макул болушат жана калктын кирешелеринин төмөндүгүн эске алуу менен, товардын сапатына тийиштүү көңүл бурбастан, керектөөчүлөр аракты кыйла төмөн баада сатып алуу коркунучу жогору», — деп айтылат документте.

Мамлекеттик агенттик арактын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу мыйзамсыз сатуу түйүндөрүн жана мыйзамсыз жүгүртүүнү азайтат дейт. Арактын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн 20%га азайткан учурда бюджетке түшүүчү каражат 592,9 млн сомго көбөйөт деп божомолдойт агенттик.

Кыргызстанда 2022-жылдын 1-сентябрынан бери спиртке жүз пайыздык монополия киргизилген. Аны жарлыгы аркылуу президент Садыр Жапаров киргизген.

Жарлык этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүдө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, аткезчиликке жана жасалма продукцияны өндүрүүгө бөгөт коюу, салык төлөмдөрүн камсыз кылуу максатында кабыл алынганы белгиленген. Учурда спиртти өндүрүү жана импорттоо менен бир гана «Кара-Балта спирт заводу» алектенет.