Арак-шарап өндүрүү жана импорттоого жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилет

2022-жылдын 1-сентябрынан тартып өлкөдөгү этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койду.

Өлкө башчысынын расмий сайтында, жарлыктын максаты — этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүдө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, аткезчиликке жана жасалма продукцияны өндүрүүгө бөгөт коюу, ошондой эле салык төлөмдөрүн камсыз кылуу экени белгиленди

Жарлыкка ылайык, этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого жана сатууга эксклюзивдүү укук «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына берилет.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин алдында Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт. Минкаб бир айлык мөөнөттө агенттик жөнүндө жобону бекитүүгө тийиш.

Аны менен катар минкаб «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жөнүндө» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна коюуга тийиш.

Агенттиктин милдети — мамлекеттик монополияны жүзөгө ашыруу, алкоголдук продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу.

Аны менен катар, лицензиялоо, импортту квоталоо, коопсуздук жана көзөмөлдү ишке ашыруу, импорт жана экспортту мамлекеттик эсепке алуу, мыйзамдардын жана лицензиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө, чарбакер субъекттерге текшерүү жүргүзүү дагы аталган агенттикке жүктөлөт.

Арак-шарап продукциясына монополия киргизиле турганын буга чейин чейин өкмөт башчы Акылбек Жапаров милдеттүү ККМ орнотуу тууралуу сөзундө кыйыткан. Ал мындай пикирин 5-июлда «Дасмия» ресторанында өткөн өкмөттүн айрым журналисттер жана блогерлер менен бейформал жолугушуусунда айткан.

«Эгер алкогол саткан магнаттар эсине келбесе, арак-шарап продукциясына монополия киргизебиз. Мен мындайдан коркпойм», — деген өкмөт башчы.

Негизги бетке иллюстративдик сүрөт колдонулду.