Чүйдө «террористти» жок кылуу операциясында үйүнөн айрылган аял балдары менен мончодо жашап жатат

Чүй облусунун Дмитриевка айылынын тургуну Айнагүл Мусаева жашы жете элек үч баласы менен агасынын мончосунда жашаганга аргасыз. Себеби анын үйү 17-майда ИИМ жана УКМКнын атайын операциясында кыйрап калган. Бул тууралуу аял Kaktus.mediaнын журналисттерине айтып берди. 

Аталган операцияда күч кызматкерлери бул үйдө натыйжада атып өлтүрүлгөн террорист делген адамды кармоого аракет кылышкан. Маалыматка ылайык, террорист делген киши аталган үйдү ижарага алып жашап жүргөн.

Мусаева президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, үйүн калыбына келтирип бербей жаткан чиновниктерге чара көрүп, акыйкаттыкты орнотуп берүүнү суранды. 

Анын айтымында, үйү кыйрап калганга чейин Орусияда жашап, үйүн ижарага берип келген. Күйөсү менен ажырашкандан кийин Кыргызстанга келе албай жүргөн, себеби күйөөсү балдарын чыгарууга уруксат бербей койгон. Мусаева үйү өрттөнүп кеткенден кийин гана уруксат алып Кыргызстанга чыгып кете алган. 

«Райондун акими жана башка мамкызматкерлер үйдү калыбына келтирүүгө жардам беребиз деп убада беришкен. Бирок убагы келгенде, баары тескери калап кетишти, айрымдары оройлугун да көрсөтүштү. Ысык-Ата РИИБнин тергөөчүсү мен үйдү калыбына келтирем деп чогулткан документтеримди бир жака жоготуптур. Жок кылып салган деп шекшип жатам. Кылмыш ишин Ошко беришиптир, ал жака дагы бардым, бирок эч жардам болгон жок. Ал тургай Ысык-Атанын милициясы мени террористти үйүңө киргизип алган өзүңсүн, демек, өзүң күнөөлүүсүн деп мени айыпташты, сага эч ким жардам бербейт деп», — дейт жабыркаган аял. 

Мусаева азыр убактылуу агасыныкында экенин, бирок ал да аны баккысы келбей көчүп кетүүнү талап кылып атканын кошумчалады. 

«Апам пенсиясы менен жардам берип атат. Мындан ары кантем, билбейм. Кызымды эптеп мектепке даярдадым, дагы жакшы эл жардам берди. Мен президентке, минкабдын төрагасына, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, акимге, айыл өкмөткө, прокуратурага, УКМКга, ИИМге жана ӨКМге кат жазгам, бирок эч ким так жооп бербеди. Жазган каттарымдын баарын айыл өкмөткө түшүрүп коюп жатышат, айыл өкмөт болсо акча жок, чыдап туруңуз деп атышат», — дейт Мусаева.