ИИМ: Дмитриевкада куралдуу киши жок кылынды

Ички иштер министрлиги 17-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында куралдуу киши жок кылынганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, министрлик менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармоо операциясын өткөрүшкөн.

Кармоо учурунда жаран катуу куралдуу каршылык көрсөтүп, натыйжада атайын багыттагы бөлүктөрдүн кызматкерлери тарабынан «террорчу жок кылынган».

«Окуя болгон жерге ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери барды. Ушул тапта тергөө ыкчам тобу иштеп жатат. Атайын операция боюнча кошумча маалымат берилет», — деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен «Клоопко» атайын операцияда эки күч кызматкери жарадар болгонун, бири Улуттук госпиталга жеткирилгенин билдиришти. Министрликтен кызматкерлердин абалы боюнча кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.

Соцтармактарда күч кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөндөр айылдагы медресени жана айыл өкмөтүнүн имаратын ээлеп алганы боюнча маалыматтар тараган.

Муфтияттан аталган маалымат чындыкка дал келбей турганын жана медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлгөнүн кабарлашты.

24.kg басылмасы укук коргоо органдарына таянып, өлтүрүлгөн киши буга чейин Ош шаарында кармалган куралдуу кылмыштуу топтун мүчөсү экенин жазды. Ал Сириядагы согуштук аракеттердин катышуучусу катары укук коргоо органдарында каттоодо турары айтылат.

Буга чейин, 13-майда Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, алардан көп сандагы курал-жарак алынган. Алар Ош шаарында 3 млн 600 миң сомду тоноого жана Кара-Суу районундагы куралдуу карактоого айыпталышкан.

Кармалгандардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар болгон. Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар, анын ичинде — автоматтар, снайпердик мылтыктар, пулемёттор, тапанчалар, ок-дарылар жана гранаталар табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.