Акимиат: «Террористти» жок кылууда үйүнөн айрылган Мусаевага жатаканадан бөлмө берилген  

Чүй облусунун Ысык-Ата райондук акимчилиги Дмитриевка айылынын тургуну Айнагүл Мусаевга жатаканадан бөлмө берилгенин, бирок ал тургун ал жакка көчүп барбаганын билдирди.

Аялдын үйү май айынын ортосунда УКМК менен ИИМдин биргелешкен операциясы учурунда кыйраган, ал эми күн мурун жабыркаган тургун журналисттерге үйү бүгүнкү күнгө чейин калыбына келтириле элек болгондуктан үч баласы менен агасынын мончосунда жашаганга аргасыз болуп атканын айтып берген.

Ысык-Ата районунун жергиликтүү бийлиги Мусаеванын кайрылуусун «жалган» деп атады.  

«Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмоновдун тапшырмасы менен эки ай мурун жабырлануучуга Кант шаарынын N1-жатаканасынан узак мөөнөткө убактылуу баш калкалоого бөлмө бөлүнүп берилген. Айнагуль Мусаева жатаканага келип, бөлмөнүн ачкычын алып кеткен, кээде келип турганы менен бүгүнкү күнгө чейин көчүп келе электигин жатаканын директору Автандил уулу Талант билдирди. Бүгүнкү күнү да ага берилген бөлмө бош турат», — деп айтылат маалыматта.

17-майда Чүй облусунун Дмитриевка айылында УКМК менен ИИМдин атайын операциясы жүргүзүлүп, натыйда террорист делген шектүү жок кылынган. Атайын операциянын жүрүшүндө Мусаеванын үйү кыйраган, себеби ал үйдү жок кылынган киши ижарага алып жашап жүргөн.  

6-сентябрда Kaktus.media Мусаеванын кайрылуусун жарыялаган. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик атайын операциядан кийин үйүн калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүнү убадалаган, бирок убада аткарылган эмес. 

Мусаева президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, үйүн калыбына келтирип бербей жаткан чиновниктерге чара көрүп, акыйкаттыкты орнотуп берүүнү суранган.