Умбриэль Темиралиев «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы болуп дайындалды

Умбриэль Темиралиев

Умбриэль Темиралиев «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 8-сентябрда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Садыр Жапаров Темиралиевди Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси кызматынан 7-сентябрда бошоткон

Темиралиев аталган кызматка өткөн жылдын 26-сентябрында дайындалган.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси кызматын Алмамбет Шыкмаматов жетектеп келген.

Шыкмаматов 5-сентябрда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы 1995-жылы түзүлгөн. Аймакка бир катар жеңилдиктер берилип, 346 гектар аянтты ээлейт. Учурда эркин экономикалык аймакта 313 субъект катталса, анын 58и биргелешкен ишкананы түзөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бишкек» эркин экономикалык аймагын экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жетектейт

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компанияга жетекчи болду