Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компанияга жетекчи болду

Алмамбет Шыкмаматов «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мамкомпаниянын басма сөз кызматына таянып 24.kg жазды.

Шыкмаматовду дайындоо чечими 5-сентбярда компаниянын директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынганы белгиленет. Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компанияны Аида Төлөгөнова башкарып жаткан болчу.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы түзүлгөн. Ал ипотекалык насыя берүү тармагында жалгыз ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет. МИКтин максаты — республиканын жарандарын арзан турак жай менен камсыздоо, ипотекалык насыялоо жана эконом-класстагы турак жай курулуш секторуна финансылык ресурстарды тартуунун узак мөөнөттүү туруктуу механизмдерин ишке ашыруу.

Шыкмаматовдун карьерасы 


54 жаштагы Алмамбет Шыкмаматов эмгек жолунда ар башка тармактарда иштеген. Карьерасын баштап жатканда сот системасында иштеген, 2005-2007-жылдары ЖК төрагасынын жардамчысы, ал эми 2010-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы болуп иштеген.

2011-жылдан тартып 2014-жылга чейин юстиция министри болгон. 2015-жылы «Ата-Мекен» партиясынан парламенттин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.  

Ал эми 2019-жылдын декабрында Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен «келишпестиктерден» улам мандатын тапшырып, «Ата Мекендин» катарынан чыгып кеткен.

2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган параламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясын жетектеп барган.

Октябрь окуясы болуп, андан улам бийлик алмашкан соң Шыкмаматов 6-октябрда өзүн башкы прокурордун милдетин аткаруу деп жарыялап, бул кызматка отурган. Бирок 22-октябрда бул кызматка Курманкул Зулушев бекитилген.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Шыкмаматов президенттик шайлоодо Жапаровдун Нарын облусу боюнча штабын жетектеген.

Ал эми 2021-жылдын февралында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалган. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мекеме Инвестициялар министрлиги болуп өзгөргөн.

Ал эми 2021-жылдын сентябрында парламенттик шайлоого катышуу үчүн инвестминистри кызматын тапшырган. 

2022-жылдын майында Дача-СУдагы учак кырсыгын иликтөө боюнча түзүлгөн коомдук комиссияны жетектеген. 

2023-жылдын январында «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалган.