Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабакта «антитеррордук операция» баштады

Архивдик сүрөт. Булак: «Азаттыктын» азербайжан кызматы

19-сентябрда Азербайжан өкмөтү Тоолуу Карабакта «антитеррордук операция» башталганын билдирди. Бул аймакты Азербайжан менен Армения көптөн бери талашып келет. 

«Азербайжан Республикасынын конституциялык түзүлүшүн калыбына келтирүү максатында аймакта жергиликтүү антитеррордук иш-чаралар башталды», — деп айтылат өлкөнүн Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.

Иш-чаранын алкагында Армениянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүкчөлөрүнүн алдыңкы линиясы жана терең позициялары, ошондой эле күжүрмөн унаалар жана аскердик объектилер жок кылынганы маалым болду.

Расмий билдирүүдө Орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгына жана Түркия-Орусия биргелешкен байкоо борборунун жетекчилигине операциялар тууралуу маалымат берилгени айтылды.

Армян өкмөтү азырынча Азербайжандын «антитеррордук операциясы» тууралуу билдирүү тарата элек.

Буга чейин, 19-сентябрда Азербайжандын Хожавенд районунда жаңы курулуп жаткан туннел жолунда Азербайжандын ИИМдин төрт кызматкери минага жарылып каза болгону кабарланган. Кийинчерээк Азербайжандын Улуттук коопсуздук кызматы ушул эле райондогу унаа жолдо жүк ташуучу унаа танкка каршы минага жарылып, Азербайжандын Унаа жолдору мамлекеттик агенттигинин эки кызматкери каза болгонун билдирген. 

Азербайжан тарап эки окуяга тең Армениянын куралдуу күчтөрүнүн «диверсиялык тобун» айыптаган.

Соңку айларда эки өлкө бир-бирин «ок атышууну токтотуу режимин бузууга» айыптап келишкен. Тоолуу Карабактагы армян бийлигинин көзөмөлүндөгү Степанакерт армиясы буга чейин азери күчтөрү ок атышпоо режимин бузуп, миномет колдонгонун билдирген.

Тоолуу Карабактагы конфликт

Азербайжан жана Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабактагы чыңалуу 1988-жылдан бери уланып келе жатат

Бул аралыкта эки өлкөнүн ортосунда — 1992-жылдан 1994-жылга чейин Биринчи Тоолуу Карабак согушу жана 2020-жылы Экинчи Карабак согушу — эки орчундуу салгылашуу орун алган. Армения менен Азербайжан бул аймакка ээлик кылуу укугун талашып келет.

Болжолдуу эсептөөлөргө ылайык, эки согуштун натыйжасында эки тараптан тең 32 миңдей адам каза таап, миңдеген киши дайынсыз жоголгон.