Климаттык өзгөрүүлөр жакырчылыкты, миграцияны жана теңсиздикти тездетет — Жапаров БУУнун сессиясында

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) боюнча Саммитинде. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) боюнча Саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирине дуушар болуп жатканын билдирди. Президент келтирген мисалга ылайык, акыркы 20 жылдын ичинде орточо температуранын өсүү темпи дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн ашты, ал эми дүйнөдөгү эң көп чыгындылардын сценарийи боюнча өлкөнүн көрсөткүчтөрү аймактагы эң жогорку көрсөткүчкө ээ болушу күтүлүп жатат. 

«Мөңгүлөрдүн андан ары эриши жана суунун деңгээлинин азайышы аймактагы азык-түлүк туруксуздугун азыркыдан да күчөтүп, жакырчылыкты, миграцияны жана теңсиздикти тездетиши мүмкүн», — деди Жапаров. 

Мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоо максатында Жапаров БУУнун колдоосу астында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча программаларды ишке ашыруу, тышкы карызды экология боюнча долбоорлорго алмашуу үчүн атайын Фонд түзүү аркылуу өтө аялуу өнүгүп жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө максаттуу каржылоону сунуштады. 

«Биз ушуну менен эле токтоп калбайбыз жана ТӨМдү андан ары ишке ашырууга умтулабыз. Биз БУУнун Башкы катчысынын биринчи орун басары, Амина Мохаммед айым менен тилектешпиз, ал “ТӨМдү – оптималдуу айкалышты табуу үчүн бири-бирине дал келе турган үмүттөрдүн калейдоскобу” деп эсептейт», — деди ал. 

Мындан тышкары Жапаров Кыргызстан 2030-жылга чейин ТӨМгө жетүүнү тездетүү боюнча конкреттүү милдеттенмелерди кабыл алууга даяр экенин баса белгилеп, анын ичинде инклюзивдик жана сапаттуу билим берүү үчүн системаны жана реформаны өзгөртүү, ошондой эле инклюзивдүү «жашыл» экономиканы илгерилетүү да камтылганын айтты. 

Үстүбүздөгү жылдын башында Жапаров Кыргызстан карыз болгон өлкөлөр менен каржылык уюмдарга «жашыл» долбоорлор боюнча демилгелерге алмаштырууну иштеп чыгууну сунуштаган

Анда ал Кыргызстан карыз болгон өлкөлөр менен каржылык институттар өлкөдөгү энергетикалык объекттердин курулушуна бирге катышып, жашыл экономика багытында курулган бул объектилердин «кызыл тасмасын донор өлкөлөр менен чогуу кесмекпиз» деп айткан. 

Ошондон кийин Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) бул сунушту карап көрүүгө даяр экенин билдирген