Жапаров өлкөнүн тышкы карызын «жашыл» долбоорлорго алмаштыруу керектигин айтты

Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн тышкы карызын «жашыл» долбоорлор боюнча демилгелерге алмаштыруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал 8-январда фейсбук барагында билдирди.

Жапаров өлкөнүн тышкы карызын төлөгөндүн ордуна «жашыл» долбоорлорду колдоого алуу керектигин айтты. Ал учурда өлкөнүн тышкы карызы 4,2 млрд АКШ долларынын тегереги экенин кошумчалады.

«Албетте, биз тышкы карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерибизди толук аткарып келе жатабыз жана мындан ары дагы аткарабыз, ага толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Болгону, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана аны менен дүйнөлүк экологиялык кырдаалды жакшыртууга чогуу-чаран салым кошолу деген демилгени көтөрүүдөбүз», — деди ал.

Президент акыркы эки жылда өлкөдө кичи жана орто ГЭСтердин курулушу «жигердүү башталды» деген пикирде. Ал эгер буга мурда «көбүрөөк көңүл бурулса, бүгүн ыш маселеси мынчалык курч турмак эмес» деп эсептейт.

«Ыш күз-кыш мезгилдеринде өзгөчө талкууга алынып, мында жылытуу үчүн көмүр пайдалануунун дагы үлүшү аз эмес. Бул маселени чечүү комплекстүү мамилени талап кылары талашсыз», — деди ал.

Жапаров Кыргызстан гидроресурстарга бай экенин белгилеп, бирок 10% гана потенциалын колдонуп жатканын айтты. Ал өнөктөш өлкөлөр жана эл аралык каржы институттарына энергетика жаатында кызматташууну сунуштады.

«Менин тапшырмам менен акыркы эки жылда өлкө боюнча кичи жана орто ГЭСтердин курулушу жигердүү башталып, инвесторлорго жеңилдиктерди берүү боюнча тиешелүү ченемдик документтер кабыл алынды», — деди ал.

Өлкө башчысы энергетика жана жашыл экомомика багытындагы демилгелер донор өлкөлөрдө, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдө колдоо табат деген ишеничте.

«Бизде даяр инвестициялык долбоорлор бар. Чакан ГЭСтерден баштап, 1000 МВт чейинки кубаттуулуктагы ГЭСтерди курсак болот, створлору даяр. Өлкөдөгү энергетикалык объектилерди жана ГЭСтерди курууга Кыргызстан карыз болгон өлкөлөр жана каржы институттары катыша алмак. Биз биргелешип Кыргызстанда жашыл долбоорлорду ишке ашырабыз, анын ордуна тышкы карыздар кечирилсе жакшы болмок деп ойлойбуз. Жашыл экономика багытында курулган бул объектилердин кызыл тасмасын донор өлкөлөр менен чогуу кесмекпиз», — деп кайрылуусун жыйынтыктады президент.

Тема боюнча:

Жапаров: Мэрди кызматтан алып койсок эле Бишкетеги түтүн жоголуп кетпейт