Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Спортчу Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында финалга чыкты.

Медет кызы 76 кг салмакта таймашып, финалга таймаштын 1/16 аттанган. Ал катары менен румыниялык, беларустук жана канадалык атаандаштарын жеңип, ал эми жарым финалда колумбиялык Татьяна Рентерионун далысын килемге басып, жеңишке жетти.

20-сентябрда финалда кыргыз спортчусу дүйнө чемпиону наамын алыш үчүн жапониялык Юка Кагами менен беттешет. 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от СПОРТСМЕНЫ КЫРГЫЗСТАНА (@sportsmeny_kyrgyzstana)

Рrosports.kg порталы билдиргендей, Медет кызынын финалга чыгуусу ага 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиадага жолдомону да камсыз кылган.  

Улуттук кураманын куржунуна биринчи медалды Тайырбек Жумашбек уулу алып келген. Ал 17-сентябрда эркин күрөш боюнча 61 кг чейинки салмакта коло байгени багынткан.

Бул Дүйнө биринчилиги 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтөт. Спортчулар эркин, грек-рим жана аялдар күрөшүндө күч сынашып жатышат. 

Аталган мелдеш 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомону камсыздай турган мелдеш болуп эсептелет. Дүйнөлүк чемпионатта Олимпиадага жолдомону ар бир олимпиадалык салмак категориясындагы бештен балбан алат.