Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди

Кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбек уулу Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Бул тууралуу 17-сентябрда Кыргызстандын Күрөш боюнча федерациясы билдирди.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от ФЕДЕРАЦИЯ БОРЬБЫ КР (@kyrgyzstan_wrestling_official)


Эркин күрөш боюнча балбан 61 килограмм салмакта күч сынашып, алгачкы беттешинде азербайжандык балбанды, андан соң түркиялык спортчуну жеңди.

Ал эми жарым финалда АКШлык атаандашына жеңилип, коло медаль үчүн болгон беттеште жапон балбанын артта калтырды.

Жумашбек уулунун медалы бул жолку Дүйнө чемпионатындагы кыргыз курамасынын алгачкы байгеси. Алдыда дагы эркин, грек-рим, аялдар күрөшү боюнча беттештер орун алат.

Тайырбек Жумашбек уулу — Азия чемпиону, жаштар арасындагы дүйнө чемпиону, Дүйнө кубогунун коло медалынын ээси жана бир нече рейтингдик мелдештердин жеңүүчүсү.

Бул Дүйнө биринчилиги 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтөт. Аталган мелдеш 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу мелдеши болуп эсептелинет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Дагы бир алтын! Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпиону аталды