Ошто 1-класстын окуучусун унаа сүзүп кетип, ал ооруканада көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында 1-класстын мектеп окуучусун унаа сүзүп кетип, ал ооруканада көз жумду. Бул тууралуу 20-сентябрда «Клоопко» шаардык кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 19-сентябрь саат 11:40та Абсамат Масалиев көчөсүндө болгон. Жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан окуучуну Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын 31 жаштагы айдоочусу коюп кеткен. 

Окуучуну ооруканага алып барышкан, бирок ал каза болуп калган. 

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ала-Бука: Унаа коюп кеткен аял жана анын эки баласы ооруканага жаткырылды