Ала-Бука: Унаа коюп кеткен аял жана анын эки баласы ооруканага жаткырылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун борборунда унаа коюп кеткен аял жана анын эки баласы ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 12-мартта «Клоопко» Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы 4-март күнү саат 11:45 чамасында Ала-Бука РИИБине Ала-Бука айылынын тургундары аймактык ооруканага «баш-мээнин жабык жаракаты, баш мээнин чайкалашы», «оң бөйрөктүн жабыркашы, макрогематурия» деген диагноздор менен хирургия бөлүмүнө жаткырылганы тууралуу кабар келип түшкөн.

Дисклеймер: Бул видеодо кырсык учуру чагылдырылган, эгер сиз аны көрүүгө даяр эмес болсоңуз, көрбөй эле койгонуңуз оң!

Териштирүүнүн жыйынтыгына ылайык, быйыл 3-март саат 16:30 чамасында Ала-Бука айылынын Ибраимов көчөсүндө жайгашкан айлампада ошол эле айылдын 84 жаштагы тургуну Daewoo Tico үлгүсүндөгү авто унаасы менен жолду кесип өтүп бара жаткан 50 жаштагы аялды, анын колундагы 3 жашар баласын жана жанындагы 15 жаштагы кызын коюп кеткени аныкталган.

Аталган факты ушул жылы 4-март күнү Ала-Бука РИИБдин электрондук журналына катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган. Ошондой эле текшерүүдө айдоочу спирт ичимдигин колдонбогону маалым болгон.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин соцтармактарда видео тарап, анда бири колуна бала көтөргөн эки аял жолду кесип өтүп бара жатканда унаа коюп кеткенин көрүүгө болот.

Үстүбүздөгү жылы март айынан тарта жол эрежесин сактабаган айдоочуларга айып пул 15 000 сомго чейин көтөрүлгөн. ИИМден «мындай чечим мамбюджетти толтуруу үчүн эмес, жолдогу коопсуздукту жакшыртуу үчүн кабыл алынганын» белгилешкен.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын расмий маалыматына караганда, 2022-жылы өлкөдө 7 040 жол кырсыгы катталып, 11 миң 49 киши жаракат алса, ал эми 690 адам каза болгон.

Ага ылайык, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%га, ал эми каза болгондордун саны 20,5%га азайган.

Расмий көрсөткүчтөр Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей авто унаа бар экенин тасыктайт. Аны менен катар, ИИМдин билдирүүсүнө ылайык, жол кырсыктарынын 80%ы айдоочулардын күнөөсүнөн улам болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул 15 миң сомго чейин көтөрүлдү

Марттан баштап мас абалда унаа айдагандар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратыла баштайт