Temirov Live: Айгүл Жапарованын фонду 2022-жылы Кытай элчилигинен 9 млрд сом алган

Temirov Live командасынын иликтөөчү журналисттери видео чыгарышты. Анда өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарованын «Эне-балага тирек» Коомдук фонду 2022-жылы Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен 9 млрд сом алганы айтылат.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, фонд каражатты Кытайдын элчилигинен грант катары алган.

Журналисттердин айтымында, «Эне-балага тирек» фондунун аталган жылы үч эле киреше булагы бар болгон:

  • Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги — 9 млрд сом (грант);
  • Чакмак Мемет аттуу киши — 564 миң сом (ыктыярдуу салым);
  • «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси — 1 млрд 300 млн сом (грант).
Алынган каражаттар тууралуу маалымат.

Журналисттер Салык кызматына таянып «Эне-балага тирек» фонду 2022-жылы канча чыгым кылганын да көрсөтүп беришкен. Алардын айтымында, бул сумма дээрлик 11 млрд сомду түзгөн.

Чыгашалар тууралуу маалымат.

Кытай элчилиги биринчи айымдын фондун каржылап атканы жашыруун деле эмес. Иликтөөчүлөр белгилегендей, бул тууралуу элчилик өзү да билдирген.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин сайтындагы пресс-релиз.

Материалдын аягында журналисттер эгер өлкөдө чуулуу «чет элдик тыңчы» мыйзамы кабыл алынса, биринчи айымдын фонду да чет элдик өкүл деп табылабы-жокпу деген суроо салышкан.

«Эгерде уюм эки талапка жооп берсе анда ал “чет элдик өкүл” болуп саналат. Биринчиси — бул чет өлкөлүк каржылоо. Өзүңүздөр көргөндөй эле, Айгүл Жапарованын фонду бул талапка жооп берет. Экинчиси — Кыргызстандын аймагында саясий иштерге катышуу. Коммерциялык эмес уюм саясатты өзгөртүүгө багытталган, өкмөттүн чечимдерине таасир этүү максатында саясий акцияларга катышканда саясий активдүү болуп калат», — дейт журналист.

Ал бул аныктама кеңири болгондуктан, биринчи айымдын фонду бул жагынан караганда да аталган талапка жооп берерин кошумчалады.

Айгүл Жапарованын фонду тууралуу видеого минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да реакция жасады. Ал X (Twitter) барагында журналисттер материалында механикалык катаны колдонгон имиш деп жазды.

«Отчёттогу механикалык катаны алып туруп, андан миллиарддар деп сенсация жасашкан экен. Фууу, Темиров-Лайз. Эч нерседен жийиркенбейт экенсиңер да. Анан дагы фактчеккербиз деп коюшат», — деп жазды Байсалов.

Ал эми Салык кызматы бухгалтер уюм тууралуу Жыйнак маалыматты толтуруп жатканда «адашып, документтин башында “миң сом” деп жазылып турганын көрбөй калган болушу керек» деп иликтөөгө комментарий берди.

Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков «Клоопко» билдиргендей, коммерциялык эмес уюмдар өз уюмдары боюнча Жыйнак маалыматты өздөрүнүн жеке салык кабинети аркылуу толтурушарын билдирди.

«Анан ошол жыйынды маалымат (МСКнын адистеринин кийлигишүүсүз) автоматтык түрдө Салык кызматынын сайтына жарыяланат. Башкача айтканда, андай отчётторду МСК карай албайт. Андай маалымат болгон. Ошондо анан көптөгөн уюмдар байкап калып, чалып тактай башташкан, бухгалтерлер ката кетиришиптир деп. Ошол документтин баш жагындагы “миң сом” деген жерин көрбөй калышкан экен да», — деп кошумчалады ал.

Ал эми президенттин администрациясы материал жарык көрөр алдында «Клооптун» суроолоруна жооп берген жок.

Тема боюнча окуңуз: Батышты колдойм/каршымын. Консерватор депутаттар кимдер менен «дос» болгусу келет?