БШК: Ленин округу боюнча шайлоонун жеңүүчүсү деп Кубанычбек Самаков табылды

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-сентябрда Бишкектин Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. 

БШКнын чечимине ылайык, комиссия мүчөлөрү кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, 5 миң 279 (26,17%) добуш алган талапкер Кубанычбек Самаков жеңүүчү деп табылды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Боршайкомдун чечимине макул эместер үч күн ичинде сотко даттанып кайрылса болорун белгиледи.

Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча кайра шайлоо 10-сентябрда өттү. Ага катталган 127 миң 239 шайлоочунун ичинен болгону 20 миң 169у гана катышты. Шайлоого добуш берүүгө келген жарандардын саны 15,85%ды түздү.

Аталган округда биринчи жолу кайра шайлоо 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Жаныбек Абиров мандатынан тапшыргандан кийин жарыяланган. Ал кафелердин биринде мушташка катышкан чуудан улам мандатын тапшырууга аргасыз болгон. 

Ошентип депутаттын чуусунан улам 28-майга кайра шайлоо дайындалып, бирок анын да жыйынтыгы жокко чыккан. Бул ирет анын жыйынтыгынын жокко чыгышына талапкер Дамира Ниязалиева тарабынан добуш сатып алуу фактысы аныкталганы себеп болгон.