БШК Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты  

Боршайком Бишкектин Ленин районундагы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечим комиссиянын 16-июндагы жыйынында кабыл алынды

Отурумда БШК мүчөлөрү шайлоодо озуп чыккан талапкер Дамира Ниязалиевага берилген добушту жараксыз деп тапты. Ниязалиевага 6185 адам (36,02%) — шайлоочулардын дээрлик үчтөн бири добуш берген.

Эгерде шайлоо участогуна келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыкса, шайлоо өткөн жок деп табылат жана бир ай аралыгында жаңы шайлоо дайындалат.

Буга чейин Боршайкомдун мүчөлөрү Ниязалиева тарабынан добуш сатып алуу фактылары катталганын тастыктап, талапкер үчүн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кылмыш жообуна тартууга уруксат берген болчу

Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өткөн. Шайлоого келгендердин саны өтө эле аз болгон — 124 миңден ашуун шайлоочунун болгону 17 423кө жакыны катышкан. Шайлоо өткөрүүгө 15,4 млн сом жумшалган. 

Кайра шайлоо өткөрүүгө аталган округдан депутат болуп шайланган Жаныбек Абиров 27-мартта өз ыктыяры менен мандатып тапшырганы себеп болгон. БШК ошол эле күнү Абировдун арызын кабыл алган. 

Башкы беттеги сүрөт: Данил Усманов.