Төрөбаев Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу токтоп калды деген маалыматты төгүндөдү

30-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу белгисиз мөөнөткө жылды деген маалыматты төгүндөдү.

Анын айтымында, белгисиз булактарга таянуу менен темир жол куруу долбоору токтоп калды деген маалымат тарап, тиешелүү тармак анын чындыкка дал келбей турганын билдирген.

«Долбоор боюнча жакында эле Кытайга болгон иш сапарымдын алкагында, тиешелүү тараптар менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр болду. [...] Учурда үч мамлекет ортосундагы биргелешкен темир жол куруунун каржылоосу каралууда. Тактап айтканда, каржылоо модели боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат», — деди ал.

Төрөбаев темир жол куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу жумушу аяктаганын кошумчалады.

Буга чейин 24.kg басылмасы Silk Road Briefing’ге таянып Кытай быйыл күздө баштала турчу Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу ишин белгисиз мөөнөткө жылдырганын жазган.

Анда «долбоор даяр экени, бирок өлкөлөр каржылоо үлүшү боюнча бир пикирге келе албай жатышканы жана буга көп убакыт талап кылынышы мүмкүн экени» белгиленген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоордун кеңсеси ачылды