Бишкекте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоордун кеңсеси ачылды

Сүрөт: «Өзбекстан темир жолдору» ишканасынын сайты

18-январда Бишкек шаарында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун кординациялоо боюнча кеңсенин ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу «Кыргызстан темир жолу» ишканасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Транспорт министрлиги менен «Өзбекстан темир жолдору» акционердик коомунун өкүлдөрү катышкан кеңсенин ачылышынын максаты — долбоордун ишке ашуусун тездетүү.

Ошондой эле билдирүүдө, өзбек жана кыргыз тарап долбоордун алдын ала зарыл болгон бардык иш-чараларын жүргүзүп жатканы айтылат. Ал эми Кытай темир жол курулуш корпорациясынын долбоорлоо-изилдөө институту долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууда.

2022-жылдын сентябрында аталган үч өлкөнүн өкүлдөрү Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканд шаарында өткөн саммитинде Кыргызстандын аймагынан өтүүчү Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Макулдашууларга ылайык, темир жол Торугарт — Арпа — Макмал — Жалал-Абад маршруту боюнча өтөт.

«“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Кыргызстандын транспорт тармагындагы маанилүү долбоор болуп саналат. [...] Долбоор транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүнү аралыктын жана жүк жеткирүү убактысын кыскартуу аркылуу арттырат», — деп белгилешкен кыргыз президентинин администрациясынан.

Басма сөз кызматтан жаңы темир жол Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачаарын кошумчалашкан.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоордун болжолдуу баасы 6 млрд долларга бааланып жатканын айткан.

Чыгыш менен батышты байланыштыруучу жол

Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Өзбекстан, Иран, Түркия аркылуу өтүп, Европага чыга турган темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына дээрлик 20 жыл болду.

Бул жол Кыргызстанга дээрлик бүткүл Азияны — Кытайдын жээгинен баштап Перс булуңуна чейин байланыштыра турган континенталдык көпүрөнүн бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк берет.

Магистралдан жылына 7 млн тоннадан 13 млн тоннага чейин жүк ташууга болот деп күтүлүүдө. Кыргызстандын эсеби боюнча алардын 80%ы транзит, калганы — Кыргызстандын өзүнүн соода-сатыгы болот. Мурда Кыргызстан транзиттин өзүнөн эле жыл сайын 200 млн доллар киреше ала алары айтылып жүргөн.

Май айында Садыр Жапаров темир жолдун курулушу 2023-жылы башталарын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоордун кеңсеси ачылат

«Кыргыз темир жолу» ишканасы 1 млрд 200 млн сомдук мыйзам бузуу тууралуу түшүндүрмө берди