Бишкек: 2 жашар наристенин өлүмүнө шектелип апасы жана чет элдик жаран кармалды

Сүрөт: Чүй облустук милициясы. Шектүүлөр.

Бишкектин Көк-Жар конушунда эки жашар наристенин өлүмүнө шектелип 23 жаштагы апасы жана аны менен чогуу жашаган 27 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Маалыматты «Клоопко» 3-октябрда Чүй облустук милициясы тастыктады.

Райондук милицияга наристенин каза болуп калганы тууралуу билдирүү 28-сентябрда келип түшкөн. Жерине барган кызматкерлер денесинде көк-ала тактары бар баланын сөөгүн табышкан.

«Соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө келтирилген оор жаракаттан улам наристенин боору жарылып кеткени аныкталып, денесинен күйүктөр табылган», — дешти милициядан. 

Бул боюнча милицияга «Адам өлтүрүү» беренси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайга киргизди. Тергөө уланууда.

Балага карата зордук-зомбулук

Кыргызстанда жашы жете электерге карата зордук-зомбулук көп жылдан бери олуттуу көйгөй болуп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук боюнча 438 кылмыш иши козголгон.

Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга зомбулук көрсөтүлгөн учурлар жылдан жылга өсүп жатканын билдирген.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда сиз «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот.

Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт. Алар сизге кеңеш берип, психологиялык колдоо көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сокулуктагы массалык мушташ: Адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн эки киши кармалды