Прокурор сени 25 миллион акчаны «жашырып жатат» деп шектеп жатканда

Бишкек шаардык прокуратурасынын «Клооп Медиага» тагып аткан толгон-токой айыптарынын ичинен гранттык каражаттарды жашырып жатат деген айыбы өтө эле олуттуу көрүнөт. «Клооп» бир далай гранттарды алып, декларацияда аз гана бөлүгүн көрсөтүп койгон (жана салыктарды да аз төлөгөн) имиш. Бирок бул манипуляция — прокуратура башка юридикалык жак тарабынан алынган акчаны айтып, аны декларациясында көрсөтпөй койгон деп күнөөнү «Клооп Медиага» койгон. 


Бишкек шаардык прокуратурасы «Клоопту» жоюну талап кылган доо арызында уюм Баткен облусунун социалдык-экономикалык жана коомчулуктун эмоционалдык-психологиялык абалына терс таасир этип жатат деген айыбынан тышкары, «Клооп» Демократияны колдоо боюнча улуттук фонддон (NED) алган гранттык каражатын жашырып койгон деп дагы билдирди. 

Доо арызда, NED сайтына 2021-жылы берген гранттары боюнча отчётун жарылаганы, анда уюм «Клооп Медиа» коомдук фондуна «эркин жана таза шайлоо өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн» деп 50 млн сомдон ашык каражат бөлүп бергени көрсөтүлгөн деп жазылган.   

«Ошол эле кезде, 2021-жылга карата салык декларациясына ылайык, “Клооп Медиа” КФ грант жана кайрымдуулук жардам катары 25 639 490 сом алганын көрсөткөн, бул сумма NED’дин өкүлдөрү көрсөткөн суммадан эки эсе аз жана бул ири суммадагы каражат жашырылган болушу ыктымал экенин көрсөтүп турат, ал кайда жумшалганы бүгүнкү күндө белгисиз бойдон калууда», — деп билдирди прокуратура. 

Ал арада NED’дин сайтында Кыргызстандагы «Клооп Медиа» Кайрымдуулук фонду тууралуу такыр сөз жок. Kloop Media, z.s. — бул Чехияда жайгашкан юридикалык жак.

Акча кайда экенин айтып беребиз 

2021-жылы NED «Клооп» менен ассоциацияланган юридикалык жактарды $595 900 (болжол менен 50 млн сом) каржылаганы чын.

Ошол эле учурда дал ошол Бишкекте катталган «Клооп Медиа» Коомдук фонду 2021-жылы NED’ден такыр каражат алган эмес.

Ал эми прокуратура айтып жаткан 25 639 490 сом тууралуу айтсак — бул «Клооп Медиа» Коомдук фонду 2021-жылы бардык донорлордон алган акчалардын жалпысы. 


Мындан тышкары, «Клооп Медиа» Коомдук фонду акыркы үч жылда салык текшерүүсүнөн ийгиликтүү өткөн. Текшерүү фонддун салык карыздары жоктугун аныктаган, бардык салык декларацияларды жана тийиштүү эсептерди биз Салык кызматына кечиктирбей, өз убагында тапшырганбыз. Бухгалтердик документтерди жол-жоболоштурууда эч кандай бузуулар табылган эмес.



«50 млн сомдон ашык» сумма «Клооп» менен ассоциацияланган «Коомар Медиа» Коомдук фонду юридикалык жагы тарабынан алынган. Ал аталган юридикалык жактын декларациясында көрсөтүлгөн жана бардык салыктар менен ошол юридикалык жак тарабынан төгүлгөн. 

Бул акчалар өлкөдөгү шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча долбоорго коротулган, анын ичинде 2021-жылдын январында өткөн президенттик шайлоо да бар. Бир нече шайлоо өнөктүгүндө биз өзүбүздүн система аркылуу 10 миңдей адамды окутуп, миңдеген мыйзам бузууларды каттап, жүздөгөн арыздарды бергенбиз. 

4247 киши биздин байкоочу болду. «Клооп» аларга 28 985 365 сом эмгек акы төлөп берип, 3 220 596 сом өлчөмүндө киреше салыгын төккөн. Мындан тышкары, «Клооп» ошол 50 млндун ичинен төмөнкү иштерди жасагандардын эмгек акысын төлөп берген: 

  • бузууларды каттап, аны менен БШКга кайрылган юристтердин командасынын иши;
  • байкоочулар окутулган системанын үстүндө иштеген программчылардын иши, ошондой эле алардын шайлоо күндөрү маалыматтарды чогултуу жана иштетүү боюнча эмгеги; 
  • сайтка жана басылманын социалдык түйүндөрүндөгү баардык платформаларында контент жасаган редакциянын иши. 

«Клооп» менен бир нече юридикалык жак ассоциацияланган: экөө Кыргызстанда жана Чехия менен Польшада бир-бирден. Бул административдик ресурс колдонуу менен журналисттерге эч ким басым-кысым көрсөтө албашы үчүн керек. Анткен менен прокурор өзүнүн доо арызында Чехиядагы юридикалык жакты Кыргызстанда иштеген «Клооп Медиа» Коомдук фонду менен (байкабай деп ишенебиз) адаштырып алган.