Кыргызстанда бийликтин ээси эл — эмесе, өлкөбүздүн Конституциясында (1-берененин 4-пункту) ушинтип жазылган.  

Ал эми элдик бийликтин маанилүү белгилеринин бири — бардык чиновниктерден, президент менен УКМК төрагасынан баштап, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө чейин ар дайым суроо берип, жооп алып туруу. 

Биз өлкөнү башкарууну тапшырган бул адамдар ар бирибизге отчёт берүүгө милдеттүү. Бирок, муну канткенде ишке ашырабыз? 

Жөнөкөй эле — болгону «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» мыйзамды колдонушубуз керек. 

Бул мыйзамга ылайык, бардык маморгандар менен чиновниктер Кыргызстандын жарандарынын суроолоруна жоп бериши керек. 

Ошентсе да, маалымат алуу үчүн сурам кат жазуу оңой эмес. Дал ушул максатта биз сизге жардам көрсөткүбүз келет — биз «Клооп» түптөлүп, иштеп келе жаткан аралыкта маморгандарга миңдеген сурам кат жиберип, жооп алып, айтор бул тармакты жакшы билип калганбыз. 

Андыктан, бул ишти чогуу кылсак болот — сизди кызыктырган суроолорду каалаган маморганга же аткаминерге багыттап жазасыз, а биз аларды жөнөтүп беребиз. Эгерде бийликке бере турчу суроолоруңуз көп болуп, бирок так дарегин аныктай албай жатсаңыз деле жаза бериңиз, биз тийиштүү тарапты таап беребиз. 

Мисалы, «Ашар» долбоорунан улам бизге көптөгөн кыргызстандыктар кайрылып, таза суу жоктугун, тротуарлардын салынбаганын, даараткана маселесин жана ушул сыяктуу бир катар социалдык көйгөйлөрдү айтып беришкен. Биз аларга мамлекеттик органдарга түз кайрылууга (арыз, сурам кат жазуу ж.б) жардам бердик. 

Эң жакшы жери, Кыргызстанда мамлекеттик органдар сурам каттарды жоопсуз калтыруудан коркушат. Биздин күндөрдөгүдөй, бийлик басым жасап, атаандаштары менен көз карандысыз медиага кысым болуп жаткан чакта деле бул өзгөргөн жок. Алтургай, өлкөнүн бүгүнкү абалында, бийликтен талап кылууну өтө маанилүү деп эсептейбиз. 

Авторитардык бийлик орнотууга умтулганы менен, бийлик баары бир биздин сурамдарга жооп берет. Биз жоопторду сиздерге жөнөтөбүз жана «Клоопко» жарыялайбыз. Эгерде кимдир бирөө сиз берген суроолорду жоопсуз калтырса, ошол чиновниктин үстүнөн сотко арызданууга аракет кылабыз. Мисалы, биз Юстиция министрлиги менен чыр чыккан учурда соттошконбуз

Бизге кантип кайрыласыз? 

Окуяңызды айтып берүү үчүн (Android телефон көтөрсөңүз) болгону Play Market дүкөнүнөн GigaTurnip (Rinat Tuhvatshin) колдонмосун жүктөп алыңыз. Ал эми iPhone  көтөрсөңүз же компьютер аркылуу кирем десеңиз веб-версияны колдоно аласыз. Андан соң, «жеткиликтүү компаниялар» категориясындагы «Ашар» компаниясына кошулуңуз же бул жерди басыңыз. 

Эмне себептен биздин колдонмону сунуштап жатабыз? 

  1. Биздин колдонмо көйгөйлөрдү, окуяларды жана суроолорду бөлүшүүдө өтө ыңгайлуу ыкманы сунуштайт. Биз ар бир билдирүүнү кылдаттык менен изилдеп чыгабыз. 
  2. Биз сиз жөнөткөн билдирүүлөрдү кабыл алып гана тим болбостон, аларга реакция да кылабыз. Билдирүү кабыл алынды, текшерилди жана сурам кат даярдалды деген маалыматты алып турасыз. 
  3. Сизге сурам каттын макамына көз салууга мүмкүнчүлүк беребиз. Каралдыбы, ишке ашырууга кандай кадам жасалды, жоопту кайдан аласыз, баары жеткиликтүү болот. 

Бийликке үнүңүздү жеткирүүчү мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Суроолор пайда болсо бизге кат жазыңыз: telegram @salamatshakirov