Акыйкатчы бейбаштыкка шектелип камалган төрт өспүрүмдүн укуктары бузулганын билдирди

11-октябрда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бейбаштыкка шектелип кармалган төрт өспүрүмдүн укуктары бузулуп жатканын айтып, сот жана прокуратура органдарын балдарды тергөө абагынан бошотууга чакырды.

Ал эми Бишкек шаардык соту өспүрүмдөр адам өлүмү менен коштолгон окуядан улам Свердлов райондук сотунун 31-августтагы чечими менен камакка алынганын билдирди.

Буга чейин Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту «Бейбаштык» беренесинин негизинде кармалган 14 жаштан 16 жашка чейинки төрт өспүрүмдү 26-ноябрга чейин камакта калтырган. 

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери соттор кабыл алынган эл аралык укуктук ченемдерди бузуп, өспүрүмдөрдүн «көрсөтмөлөрүн укпай койгонун» айтып чыгышты. 

Андан сырткары акыйкатчынын билдирүүсүндө, судья үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн кылмышка шектелген өспүрүмдөрдү «камактан бошотуп, ата-энелеринин жоопкерчилигине берүү зарылдыгы жөнүндө жүйөлөрүнө көңүл бурулбаганы» айтылат. 

Аны менен катар, судья Жогорку соттун пленумунун соттор тарабынан жашы жете электерди өзгөчө оор учурларда, тергөө органынан качып жүргөн учурда же бөгөт чарасын бузганда гана камакка алуу жөнүндө токтомду эске албаганы белгиленди. 

«Акыйкатчы укук коргоо жана сот органдарын жашы жете элек балдардын кылмыш иштерин иликтөөдө жана сотко жөнөтүүдө Ювеналдык юстициянын мыйзамдарынын, Жогорку соттун пленумдарын жана укуктук системанын курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган нормаларын бекем сактоого чакырат», — деп айтылат билдирүүдө.

Шаардык сот эмне дейт? 

Ал эми Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 11-октябрда Акыйкатчы институтунун кайрылуусуна жооп берди. 

Билдирүүдө жогоруда аталган жашы жете элек өспүрүмдөр үстүбүздөгү жылы 24-августта алдын ала сүйлөшүп алып, акчасын тартып алуу максатында тургунду сабап, жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгону айтылат. 

Сот кармалган төрт өспүрүмдү 31-сентябрга чейин камакка алып, ал эми айыпталуучулардын аракеттерине тийиштүү юридикалык баа бербеген Свердлов РИИБдин тергөөчүсүнө карата жеке аныктама чыгарган. 

Тактап айтканда, тергөөчү соттук-медициналык эксперттин корутундусуна карабастан, айыпталуучулардын аракеттерин жасалган кылмыштын оордугуна жараша классификациялаган эмес.

Өспүрүмдөргө карата өкүмдү Бишкек шаардык соту дагы күчүндө калтырган.