«Чындык жылаңач болот» — чуулгандуу «Күн кармаган бала» спектаклинин режиссёру

Режиссёр Уланмырза Карыпбаевдин «Күн кармаган бала» спектаклиндеги айрым кадрлар соцтүйүндүн колдонуучуларына кызуу талкууга жем таштады. Коомчулуктун бир бөлүгү сахнага актёрдун жылаңач чыкканына нааразы — бул көрүнүш кыргыз менталитетине туура келбейт, уят дешет алар.

Пьесанын режиссёру болсо, айрым көрөрмандар мааниси терең пьесанун бир эпизодун кыркып алып гана талашып-тартышып жатканын айтат.