Ош: Мэрия «Коопсуз шаардын» камераларын сатып алууга 2,5 млрд сомдук тендер жарыялады

Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы «Коопсуз шаар» долбоорунун камераларын сатып алууга 2,5 млрд сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу 11-октябрда мамлекеттик сатып алуулар порталында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, аталган суммага стационардык жана көчмө аппараттык-программалык комплекстерди сатып алуу пландалып жатат. 

2021-жылы сентябрда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабынын алкагында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында камералар орнотулган. Камераларды орнотуу кытайлык Shenzen Sunwin Intelligent Co.Ltd ишке ашырмай болуп, өз кызматын 2,6 млрд сомго баалаган.

Ош шаарына 2021-жылы орнотулган камералардын бири. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop

Экинчи этапты 2022-жылдын 10-мартында бүтүрүү пландалып, бирок камералар иштебей келген. Натыйжада, Санариптик өнүктүрүү министрлиги кытайлык компанияны сотко берген.

«Коопсуз шаар» долбоору өлкөдө 2019-жылдан баштап иштей баштаган. Долбоор «тейлөө моделине» ылайык ишке ашырылган. Бул аткаруучу бардык техникалык инфраструктураны өз алдынча орнотот жана тейлейт, камералардын иштөөсүн жана коопсуздугун көзөмөлдөйт дегенди билдирет.

Камералар кандай жол эреже бузууларды аныктайт?

Министрликтен билдиришкендей, түркүктөр «Г» формасында болуп, ар бирине үчтөн камера коюлат.

Биринчи камера унаанын кыймылынын траекториясынын өзгөрүшүн аныктайт. Мисалы: унаанын айдоочусу жол белгилерге баш ийбесе, жөө жүргүнчүлөрдүн же велосипеддин жолуна жүрүп кетсе/токтогон болсо, карама-каршы тилкеден, кызыл жарыктан өтүп, ылдамдыкты ашырса каттайт.

Экинчиси болсо унаалардын агымына байкоо салат. Ал да ылдамдыкты өлчөп, унаалардын мамлекеттик номерлерин, эреже бузган айдоочуларды аныктап аларды маалымат базалардан текшере алат. Ошондой эле ал жалпы агымдан чыккан айдоочуларды (“обгон” жасаган учурда) тартып алып, бардык маалыматтарды «Коопсуз шаардын» базасына киргизет.

Ал эми үчүнчү камера туура эмес токтотулган унааларды каттайт. Ошондой кошумча түркүккө чоң өлчөмдөгү камера орнотулат. Ал адамдардын агымына сереп салып, жүздү таанып, ээсиз калган унааларды, велосипеддерди жана агымдын статистикасын аныктайт. Камералардын баары күнү-түнү иштейт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Коопсуз шаар» камералары жана жүздү тааныган камералар орнотула баштады