Ош: «Коопсуз шаар» камералары жана жүздү тааныган камералар орнотула баштады

Ош шаарына орнотулган камералардын бири. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабынын алкагында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында камералар орнотулуп жатат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкекте — 16, Ошто — 11, Токмокто — 6, Кантта — 1 кесилиште камера түркүктөрү жана камералар коюлуп, аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу иштери аяктады. Алардын качан иштеп башташы азырынча белгисиз.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы өлкөнүн бардык аймактарын, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларын жана облустук маанидеги 15 шаарды, 73 калктуу конушту камтыйт.

Экинчи этапты 2022-жылдын 10-мартында бүтүрүү пландалган. Анын алкагында жалпы 306 чекитке 266 стационардык жана 40 мобилдик камера орнотулат. Долбоорду кытайлык Shenzen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы ишке ашырууда.

Камералар кандай жол эреже бузууларды аныктайт?

Министрликтен билдиришкендей, түркүктөр «Г» формасында болуп, ар бирине үчтөн камера коюлат.

Биринчи камера унаанын кыймылынын траекториясынын өзгөрүшүн аныктайт. Мисалы: унаанын айдоочусу жол белгилерге баш ийбесе, жөө жүргүнчүлөрдүн же велосипеддин жолуна жүрүп кетсе/токтогон болсо, карама-каршы тилкеден, кызыл жарыктан өтүп, ылдамдыкты ашырса каттайт.

Экинчиси болсо унаалардын агымына байкоо салат. Ал да ылдамдыкты өлчөп, унаалардын мамлекеттик номерлерин, эреже бузган айдоочуларды аныктап аларды маалымат базалардан текшере алат. Ошондой эле ал жалпы агымдан чыккан айдоочуларды (“обгон” жасаган учурда) тартып алып, бардык маалыматтарды «Коопсуз шаардын» базасына киргизет.

Ал эми үчүнчү камера туура эмес токтотулган унааларды каттайт. Ошондой кошумча түркүккө чоң өлчөмдөгү камера орнотулат. Ал адамдардын агымына сереп салып, жүздү таанып, ээсиз калган унааларды, велосипеддерди жана агымдын статистикасын аныктайт. Камералардын баары күнү-түнү иштейт.

Тема боюнча: Чүшш! Бийлик Бишкекте аңдуу системасын киргизүүдө эмнени айтпай жатат?

Иллюстрация: Александра Титова/Kloop

Ош шаарында канча камера орнотулат?

Буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (ред. — учурда Санариптик өнүктүрүү министрлиги) төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров Ош шаарына жалпысынан 35 кесилиштин ар бирине кеминде 18 камера орнотулаарын айткан.

Анда долбоор республикалык бюджеттин эсебинен эмес, жол эрежесин бузгандардан түшкөн айып пулдун эсебинен каржыланаары айтылган.

«Коопсуз шаар» долбоору

«Коопсуз шаар» долбоору өлкөдө 2019-жылдан баштап иштей баштаган. Долбоор «тейлөө моделине» ылайык ишке ашырылган. Бул аткаруучу бардык техникалык инфраструктураны өз алдынча орнотот жана тейлейт, камералардын иштөөсүн жана коопсуздугун көзөмөлдөйт дегенди билдирет.

Анын биринчи этабын орусиялык «Вега» компаниясы ишке ашырып, 35 миллион долларга Бишкек жана Чүйдөгү жолдорго 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Анын 90у стационардык, 20сы көчмө. Кийинчерээк камералардын саны көбөйгөн.

Анын негизги максаты — жол кырсыктарынын жана жол кырсыктарынан каза болгондордун санын кескин азайтуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жол инфраструктурасын модернизациялоо.

Долбоор ишке киргенден бери жол эрежесин бузган айдоочуларга 2 миллион 373 миң 355 токтом түзүлдү. Анын 1 миллион 566 миң 870и боюнча айып пулдар төлөнгөн.