Баткенде 24 жаштагы милиция кызматкери асынган абалда табылды

Иллюстративдик сүрөт. Булак: Интернеттен алынды

Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын 24 жаштагы кызматкери асынган абалда табылды. Бул тууралуу «Клоопко» 18-октябрда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 15-октябрда саат 20:00 чамасында болгон. Аталган маалымат Кадамжай РИИБдин электрондук журналына катталып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Үстүбүздөгү жылы 15-майда Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук күзөт бөлүмүнүн 24 жаштагы милиционери инкассациялык унаада өзүн атып көз жумган. Кызматтык иликтөө дайындалып, окуянын чоо-жайы териштириле баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокенде күзөт кызматында иштеген 24 жаштагы милиционер өзүн атып каза тапты